00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Келечектин хоккеисти, сегиз жашар чабуулчу Нуртемир. Муз үстүндө төгүлгөн тер

Жазылуу
Facebook тармагына кичинекей кыргыз хоккейчи баланын Сочидеги оюндан кийин тердеп-булап россиялык телеканалга маек берип жаткан видеосу жайгаштырылган. Бул кыргызстандыктардын кызыгуусун арттырып, оң пикирлерди жаратты. Sputnik Кыргызстан кичинекей хоккейчи менен анын машыктыруучусуна жолугуп, кепке тартты.

Биздин бүгүнкү маектештер — "Бишкек" командасынын башкы чабуулчусу сегиз жашар Нуртемир Сулайманов жана аталган команданын машыктыруучусу Ринат Мустафаев болду.

Кыргызстанды өргө тарткан балакайлар
Эске сала кетсек, балдардын "Бишкек" хоккей командасы Сочи шаарында өткөн эл арарлык "Противостояние" деп аталган турнирден байге менен кайтты. Ага Россиянын аймактарынан жана Кыргызстандан алты команда катышып, сегиз жашка чейинки кичинекейлер беттешкен.

Биздин кичинекей спорчуларыбыз — "Бишкек" командасы атаандашы болгон "Грозный" командасын 11:4 эсебинде жеңип алды. Ал эми башка атаандаштарынын бир катарлары менен тең чыкса, бирөөсүнө бир гана гол менен алдырды.

Бүгүнкү каарманыбыз Нуртемирди ата-энеси музга 3,5 жашында алып келиптир. Азыр сегизде. Күнүнө жок дегенде хоккей менен машыгууга 1,5 саат убактысын жумшайт экен. 

"Алгач бир аз кыйналды. Таң эртең менен таттуу уйкуда жаткан 3-4 жашар баланы ойготуп, кийинтип, машыгууга алып барыш… өзүңүздөр элестетип жатсаңыздар керек. Кийинчирээк акырындап көнө баштады. Азыр кудайга шүгүр, жыйынтыктарыбыз жаман эмес", — деди Нуртемирдин атасы Алтынбек Сулайманов.

"Бишкек" хоккей клубунун машыктыруучусу Ренат Мустафаев команда жана Нуртемир жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

Кыргызстандык Эдель Касенова Luxembourg Cup – 2016 эл аралык турниринде - Sputnik Кыргызстан
Жети жашар кыргызстандык гимнаст кыз эл аралык турнирде үч коло медаль алды
"Балдар кичине экендигине карабай Казакстанга, Россияга жолдоштук жана расмий оюндарга катышып келет. Ал эми Нуртемир Сулайманов команданын биринчи бештигинде башкы чабуулчу. Зээндүү, аракетчил. Нуртемирдин хоккейчилерге таандык болгон мүнөзү бар. Оюнду байкап турат. Керек болгон жерде демилгени колуна алып, лидерлик сапатын көрсөтө алат", — деди машыктыруучу. 

Төрт жарым жыл Нуртемирди хоккей менен бир топ ынак кылып койгон. Азыр ар бир күнү машыгууга айныбай барат экен. 

Аны Бишкек шаарындагы ири муз аянтындагы машыгуудан кийин алып кетип баратабыз. Болочоктогу хоккейчиге азыр эмне кылганды каалайт элең деген сурообузга "машыгууга баргым келип жатат", — дейт жылмайып. 

Машыгуу демекчи, балдар турнир алдында дээрлик күндүн бардык бөлүгүн муз аянтчасында өткөрүп каларын Мустафаев айтып берди. 

"Балдар бул жерде жумасына орто эсеп менен тогуз сааттан машыгат. Турнир алдында шаардык муз аянтында жашагандай эле болуп калабыз, машыгууга абдан көп убакыт жумшайбыз", — деди ал.

Нуртемирдин оюнга, муз аянтына чыккандагы өздүк номери — 8 экен. Айтмакчы, кумири россиялык атактуу спортчу — Александр Овечкин. 

Бала кезинен майып болгон КР жаранын Футбол боюнча Азия чемпионатына чакырышты
Ал тургай оюндарда гол киргизгенде Овечкиндин өзүнө таандык болгон клюшканы тизесине уруп алмай адатынан бери кайталайт экен. Баам салып карай келгенде, анысын Нуртемир муз үстүндөгү кубанычтуу ар бир учурда ойлонбой жасап жибергенин байкоого болот.

Биздин каарман Бишкек шаарындагы №61 мектеп-гимназиясында окуйт, андан сырткары англис тили үйрөнүп жатат. Айтмакчы, шахмат Нуртемирдин хоккейден кийинки сүйүктүү оюну. 

Болочоктогу хоккейчи өзүнүн командасы жана сүйүктүү машыктыруучусу менен жакында Казакстандагы кезектеги турнирге даярданып жатат. Демек, алдыда кайрадан машыгуу жана машыгуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0