БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин камакка алынган экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин №47 түзөтүү колониясындагы азыркы абалы кандай экенин көрсөткөн сүрөт жарыялады.
ЖАМКтын берген маалыматына ылайык, Текебаев учурда өзүн жакшы сезип, тийиштүү дарылануусун алып, дарыгерлердин такай көзөмөлүндө турат.
Эске салсак, бир нече күн мурун социалдык тармакта Өмүрбек Текебаев жүрөгү кармап өлдү деген маалымат тараган. ЖАМК бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ошондой эле экс-депутаттын партиялашы, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да тараган кабар калп экенин айткан.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.