БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү бир нече саатка жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөдөгү өтмөк 22-сентябрь күнү саат 09:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.
Буга байланыштуу калаа бийлиги бардык айдоочулар эрежени эске алып, башка жолдор менен айланып өтүүнү сунуштайт.