Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра колонияга которулду

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат ден соолугуна байланыштуу ооруканага 31-июлда которулган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев дарылануудан кийин Бишкектеги №47 түзөтүү конониясына кайтарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) тастыкташты.

"Өмүрбек Текебаев жума күнү саат 11.00дө мурда жаза өтөп жаткан №47 колонияга алып келинди. Ооруканадан толугу менен зарыл болгон жардамды алган. Бирок дарыгердин көрсөтмөсү менен бул жактан дарылануусун улантмакчы. №47 абакта бул үчүн бардык шарттар бар. Экс-депутаттын абалы жакшы, эч нерсеге нааразычылык билдирген жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Ата Мекен" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна 31-июлда которулган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кылмыш жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0