БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Көк-Бел айылында сентябрь айынын башында сууга түшүп кеткен төрт жашар наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, наристе Кара-Суу суусуна 5-сентябрь күнү агып кеткен.
Ошондон бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтыгын бербей келген.
Ал эми 13-сентябрь күнү саат 15.00 чамасында туугандары наристенин сөөгүн өздөрү таап алышкан.