БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 1-3-сентябрь күндөрү Түркия президенти иш сапары менен болду. Жээнбеков менен болгон жолугуушусунда ал көтөргөн маселелердин бири оппозициялык ислам аалымы Фетуллах Гүлендин уюму менен биргеликте күрөшүү жаатында болду. Дал ошол кишини Эрдоган ишке ашпай калган төңкөрүштү даярдаган деп айыптаган. Эске салсак, 2016-жылдын 16-июнунда аскер кызматкерлеринин көтөрүлүшүнөн улам аз жерден Эрдоган ээрден шыпырылып кала жаздаган.
Башкы вазыйпа — гүленчилерди куугунтуктоо
Түркия тарап өлкөгө революция кооптуулугун жаратарын айтып Кыргызстандан гүленчилерди сүрүп чыгарууну бир нече ирет талап кылган. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Эрдоган КР президенти Сооронбай Жээнбековдон Гүлен менен түздөн-түз байланышы болгондугу үчүн "Себат" (азыркы "Сапат") мектептерин жабууну өтүндү.
Андан соң үйүнө кайтып баратып да учактагы түрк журналисттерине Кыргызстанда FETO олуттуу деңгээлде иш алып барып жатканын айткан.
"Уюмдун тарапташтары мамлекеттик институттарга — аскердик структуралардан сотторго дейре киришкен. Алтургай, айрым саясатчыларды коркутуп да алышкан", — деп билдирген түрк лидери.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы бир катар саясатчылар менен байланышып, аларды же алардын тааныштарын аталган истеблишменттин өкүлдөрү коркутуп-коркутпагандыгы тууралуу сурап көрдү.
Бийлик үчүн Түркиянын ички күрөшүбү?
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев түрк басылмаларынан аалым Гүленди мактаган макалаларды окугандыгын айтат.
"Гүлендин төңкөрүш аракетинен кийин эле кутум, ж.б. экендигин "билдим". Кээ бир досторумдун балдары "Сапатта" окушат, бирок мугалимдердин мектепке таасир этүүгө аракет кылганын уккан эмесмин. Саясатчылар, балким, искендер-кебапты бекер жеш үчүн барып коюшар, бирок бул Кыргызстанда гүленизм идеологиясын жайылтууну шарттабайт. Бул эмне, маңызы эмнеде экендигин билбейм. Дегеле, бул Түркиянын бийлик үчүн ички күрөшү", — деп белгиледи Масалиев.
Түрк ЖМКларындагы кабар жөнүндө КР бийлиги жана мамлекеттик структураларга карата Эрдогандын берген баасын ал "натуура" деп атады.
Саясатчылардын ысымдарын жарыялоо керек!
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров куугунтукталган аалымдын тарапташтарынын Кыргызстандын бийлик структураларына киргендиги тууралуу эч маалыматы жок экендигин айтат.
"Жеке мени эч ким, анын ичинде Гүлендин тарапташтары коркуткан эмес. Өз кесиптештеримден да, башка саясатчылардан да мындайды укканым жок", — деди Бакиров.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун жообу кыска болду: "Эмне деп коркута алышмак эле? Биздин фракцияда гүленчилер жок".
"Республика-Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Жээнчороев FETO "атынан" эч ким коркутуп, эч ким телефон чалбаганын айтты.
"Менимче, тийиштүү органдар бул маалыматты дипломатиялык жана башка каналдар аркылуу тактоого тийиш. Эгер кандайдыр бир уюмдун саясатчыларга жана мамлекеттик институттарга таасири болсо, анда алардын аты-жөнү биздин мамлекеттик органдарга көрсөтүлүшү керек. Андан соң эгер мындай саясатчылар бар экени анык болсо, алардын атын ачыктап, кырдаалды түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берүү же тийиштүү чараларды көрүү зарыл", — деди Жээнчороев.
Атайын кызматтар ашкере абайлашыптыр
Мурдагы вице-президент, экс-премьер-министр Феликс Кулов түрк атайын кызматтары Эрдоганга бурмаланган же апыртылган маалымат берген деген пикирде. Анын ою боюнча, FETO кыргыз коомуна таасир этет деп эсептөөгө белгилүү негиздер бар, себеби, мурда КРде белгилүү диний аалымдардын бири Гүлен менен кезигип, "ал кадамында эч кандай жаман нерсе жоктугун" билдирген.
"Бул кишинин аудиториясы жетишерлик чоң, анын айрым угармандары мамлекеттик кызматта иштейт. Бирок кооптуулук Эрдоганга жеткирип жатышкандай зор эмес. Таасир бар, бирок биздин саясатчыларды колго алып алган дегени ашкере апыртылган. Тескерисинче, биздин саясатчылар Эрдоганды чын дилден сыйлашат, биринен да ага кыжырданганын уккан эмесмин. Эгер коркутуулар болсо, саясатчылардын нааразычылыгын сырттан кулагыбыз чалмак", — деди Кулов.
Саясатчы Түркиядагы тааныштарынан алган маалыматтарга таянып ал жогоруда кеп болгон тизмедеги кыргызстандыктар эбак көз караштарын өзгөрткөнүн, алтургай, түрктөрдүн өздөрү да аларды Эрдоган менен айыгышкыс күрөшчүлөр тобуна кошпоо керек деген ойдо экендигин айтат. Кеп соңунда Кулов түрк атайын кызматтары өтө эле саксынып жатышканын кошумчалады.