Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземи. Видео

Жазылуу
ДКОнун салтанаттуу ачылыш аземи 20.00дө Чолпон-Атадагы ат майданда башталды.

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын биринчи күнү. Тексттик трансляция
Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан, Татарстандын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Рустэм Минниханов келди. Ошондой эле алардын арасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигинин Фуджейра аймагынын мураскер ханзадасы, шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шарки да бар.

Ал эми спорттук мелдештерге 82 өлкөдөн чогулган 2500 спортчу катышмакчы. Анда 594 медаль ойнотулат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын чагылдыруу үчүн Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жана жергиликтүү 500 ЖМКнын өкүлдөрү иштеп жатат.

ДКО 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0