Ага Түркиянын, Казакстандын президенттери Режеп Тайип Эрдоган жана Нурсултан Назарбаев келди. Ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан дагы Кыргызстанга келип конду.
Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана Бириккен Араб Эмирлигинин Фуджейра аймагынын мураскер ханзадасы, шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шаркинин дагы келери айтылган.
Салтанаттын расмий ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.
Андан сырткары, Кырчын жайлоосунда дагы мелдештер жана театрлаштырылган оюн-зооктор болот.