00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тик туруп көтөрүп чап. Казак куресине чыккандар кантип жеңишке жетет

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКазак күрөшү. Архив
Казак күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак куреси — казак элинин улуттук күрөшү болуп саналат. Анда балбандар тик туруп күрөшөт. Партерде же жерде жатып кармашууга уруксат берилбейт. Ошондой эле дзюдо, самбо, грек-рим, эркин жана башка күрөштөрдүн ыкмалары колдонулат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет казак куреси менен тааныштырабыз.

Жалпы жобо

Балбандар атайын күрөшкө ылайыкталган күрмө, шолок шым жана бут кийим кийиши керек.

Расписание ВИК на кыргызском - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнундагы мелдештердин расписаниеси. Календарь жана карта
Эркектердин беттеши 5 мүнөт, кыз-келиндердики 4 мүнөткө созулат. Балбандар калыстын уруксатысыз килемдин сыртына чыгып кетпеши керек. Эгер негизги убакытта жеңүүчү аныкталбаса, кошумча дагы 3 мүнөт берилет. Күрмөсү же куру чечилип кетсе оңдоп алууга убакыт каралган.

Балбан тик турган абалда гана жасалган ыкма жасап багындырышы керек. Чабуул жасаган спортчу атаандашын таасын көтөрүп чапканда же денесинин бир бөлүгүн жерге тийгизгенде ыкма аткарылды деп эсептелет.

Казак куреси "бук", "жамбас", "жартылай женыс" жана "таза" деген упайлар менен бааланат.

"Жартылай жеңыс" ыкмасына берилчү упай:

— Бир далысы менен ийини бирдей жерге тийгенде;

— Саны менен далысы бирдей жерге тийгенде;

— Чабуулдан коргонуп эки колу жана бир колу менен жер таянып калганда;

— Капталга жыгылганда

— Капталы менен жыгылып, каршылашы буттан кармап калганда.

"Жамбас" баасы ыйгарылчу ыкмалар:

— Эгер жыгылганда жамбашы жерге тийсе;

— Жыгылганда бели жерге тийсе;

— Оң же сол саны менен таянып жыгылганда.

"Бук" ыкмасы:

— Каршылашы жыгылып баратып килемге тийсе:

— Колу (манжасы, чыканагы, билеги, ийини);

— Бир же эки тизеси;

— Көкүрөгү же ичи;

— Көмкөрөсүнөн жыгылып баратып капталга таянып калса, ушул эле учурда бутун атаандашы кармаган тейде турса.

Бардык упайлар кошулат:

— үч "бук" упайы "жамбастын" бир упайына барабар;

— эки "жамбас" упайы "жартылай жеңыстин" бир упайына барабар;

— эки "жартылай жеңыс" упайы "тазанын" бир упайына барабар;

Таза жеңиштин ыйгарылышы:

— эгер каршылашы жыгылганда эки далысы жерге тийип калса;

— эртыкчылык упайлары менен;

— каршылашы төрт жолу эскертүү алып мелдештен четтегенде;

— атаандашы мелдештен чыгарылганда.

Тыюу салынат:

— калыс кармашты токтоткондон кийин каршылашына асылууга;

— муунтуу ыкмаларын жасоого, атаандашынын мурдун жана оозун жаап дем алуусуна бөгөп коюуга;

— урууга, тытууга жана тиштөөгө;

— эки колу менен кармоого жана мойнун буроого;

— атаандашынын бетин колу, буту, башы менен түртүүгө;

— каршылашын чыканагы жана тизеси менен согууга;

— манжаларынан кармап ыкма жасоого;

— колун артка кайрып, оорутуучу ыкмаларды колдонууга;

— тик турган абалда оорутуучу ыкмаларды жасоого;

— тизеден кармап көтөрүп чабууга;

— эрежеден тыш ыкма колдонууга;

— башы менен атаандашын көкүрөккө сүзүүгө;

— тизелеп туруп калууга;

— күрөш аятчасынан чыгып кетүүгө;

— атаандашын кийимден кармап тарткылоого;

— кийген формасына карата талаптарды бузууга.

Эгер кошумча берилген үч мүнөттүн ичинде жеңүүчү аныкталбаса аз салмактагы балбанга утуш берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөнүн 2300 спортчусу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0