Мурда кызга көз арткандар эртелеп эле сөйкө салып же куда түшүп коюшкан. Муну менен кыз алчу тарап аны эртелеп "менчиктеп" койгон болгон. Мындан кийин ал кыз "колукту" деп аталып, ага бирөөнүн аманаты катары мамиле кылышкан. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги этнографтар Гулзада Абдалиева жана Динара Молдокуловалардын жардамы менен колуктуга болбой турган нерселерди тизмектеди.
Болочок кайындарынан алдынан кыя өтпөйт. "Кыз бир кирген жиринен чыкпаш керек" деп колукту кайын-журтунун айылына басып барган эмес. Качуу салты кудаланган убакыттан тартып башталган. Ал кайындалган мезгилде болочоктогу кайын атасы, күйөөсүнөн улуу туугандарына көрүнгөн эмес жана алар отурган үйгө кирген эмес. Эгерде кызды кичине кезинде кудаласа ал 12-13 жашка толгондон баштап мындай жүрүм-турум эрежелерин аткара баштаган. Ошондой эле жөрөлгө менен тергөө салтында дагы кармалган. Атап айтканда, колукту күйөөсүнөн улуу туугандарын атынан атаган эмес.
Кайындалган кызды ала качпайт. Илгери колуктуну ала качуу чоң чатакка айланган. Бул кылмыш катары эсептелип, оор өлчөмдөгү айып төлөгөн. Айыптын өлчөмү калыңга салыштырмалуу кыйла жогору болуп, ага кызга төлөнгөн калыңдан тышкары тогуздап мал кирген. Кайындуу кызды алдырып жиберүү бүткүл уруу үчүн чоң намыс эле. Ушунун айынан эр өлүп калган учурлар да болгон. Кыргыздарда эки кылмышка чоң жаза колдонулган. Бири — кайындуу кызды ала качуу же никелүү аялды бузуу. Муну "эриш бузуу" деген. Эриш бузган адам аябагандай чоң айыпка жыгылган. Экинчиси — эр (киши) өлтүрүү болгон деп эсептелет.
Колуктуну жалгыз узатпайт. Кыз алганы келген тарапты көңүл кош тоспойт. Илгери кыргыздар кыз узатууну 30-40 күндөп өткөрүп, чоң той беришкен. Колунда барлары улуттук оюндун түрүн ойнотуп, ал эми кыз алчу тарап түрлөп малын алып келген. Элибиз "куда миң жылдык" деген сөздү бекем карманып, келген тарапка сөзсүз мал союп, дасторконун жайнатып сый көрсөткөн. "Куда тоскондой сыйлады" деген сөз да ушудан улам айтылып калган. Ал эми кызын узатып жатканда сөзсүз анын жанына жеңесин, азыркы тапта курбу кыздарын кошуп жиберишет. Анткени алар кыз менен барып ал жердин кандай экенин көрүп кайра келип ата-энесине маалымат берип, көңүлүн жай кылган. Ошондой эле кызды жаңы кетип жатканда эч качан эркек тууганы коштоп барбайт.