БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Түркия АКШдан импорттолгон бир катар товарларга салыктын баасын жогорулатты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Тайип Эрдогандын бул боюнча тийиштүү жарлыгы Resmi Gazete басылмасына жарыяланды.
Документте төмөнкү товарларга кошумча салык салынганы көрсөтүлгөн:
— тамеки — 60 пайыз;
— ичимдик — 140 пайыз;
— унаа — 120 пайыз;
— косметикалык каражаттар — 60 пайыз;
— күрүч — 50 пайыз;
— мөмө-жемиш — 20 пайыз.
Тизмеде көрсөтүлгөн товарлардан сырткары, башка дагы продукцияларга болгон салык жогорулады.
Түркия менен АКШ мамилесинин солгундашы
Эки өлкөнүн мамилеси 2016-жылы Түркиянын бийлиги тарабынан колго түшүрүлгөн Эндрю Брансон аттуу пастордун кармалышынан кийин курчуп кеткен. Августтун башында АКШнын Финансы министрлиги "адам укуктарын одоно бузган" деген жүйө менен Түркиянын юстиция министри Абдулахмит Гюл жана ИИМ башчысы Сулейман Сойлуга каршы санкцияларды кабыл алган.
Түркия америкалык электрондук товарларга байкот жарыялай турганын маалымдады. Ошондой эле өлкө бийлиги Американын курулуш материалдарынан баш тартарын убадалаган. Президент Тайип Эрдоган учурда өлкөгө каршы "экономикалык чабуул" болуп жатканын билдирди.
Ушул окуялардан улам лиранын доллар менен еврого карата баасы жыл башынан бери 40 пайызга чейин төмөндөп кетти.
Дүйшөмбү күнү Түркиянын Борбордук банкы жергиликтүү банктарга резерв эсебинен колдоо көрсөтөрүн жарыялаган. Анын жыйынтыгында лиранын баасынын түшүшү токтоп калды.