Зордукчуларды алдап кеткен кыз, күйөөсүн чаап өлтүргөн аял. 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан жигули. Архив
Жолдо бараткан жигули. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги чейрек кылым мурун август айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулгандуу окуяларды тизмектейт.

Бул ирет күйөөсүн ашкана балкасы менен өлтүргөн келин, талап-тоноочулук менен жан баккан милиционер жана 99 миллион рублга жакын акчаны Россияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган сугатчынын былыктары сунушталат.

Далайды куруткан эргулдар

© Sputnik / Мирбек СакеновДалайды куруткан эргулдар
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Далайды куруткан эргулдар

Он адамдан турган топ Кыргызстан, Россия, Казакстандын шаарларындагы байларга кол салып, алардан акча өндүрүп күн көрүшкөн. Андан сырткары, эргулдар министрдин эки орун басарынын унаасын да айдай качкан жайы бар. Милиция кызматкерлери топту колго түшүргөн маалда алардан бир автомат, жасалма тапанча, эки граната, кылыч, бычак, ок-дары, жасалма документтер жана 10 килограмм баңги зат табылган.

Погончон кылмышкер

© Sputnik / Мирбек СакеновПреступления 90-годов в Кыргызстане
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Преступления 90-годов в Кыргызстане

Милицияда иштеген жаш жигит досу менен автобекетке барып, ал жактан шаардын четине такси айдаткан. Ээн талаага жеткенде машинаны токтотуп, артта отурган сержант айдоочунун мойнуна жип салып муунтуп кирген. Андан соң шериги экөө аны сыртка алып чыгып, колу-бутуп байлап таштап кетишкен. Унаанын документтерин өрттөп, тетиктерин сатып жиберишкен. Арам акча түгөнүп, кайрадан кылмышка барган жигитти кесиптештери колго түшүргөн.

Жолдошун мыкаачылык менен…

© Sputnik / Мирбек СакеновЖолдошун мыкаачылык менен…
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Жолдошун мыкаачылык менен…

Экинчи ирет турмуш курган үй ээси мас болуп келип, жубайы менен уруша кеткен. Чыр мушташка айланып, келин күйөөсүн ашканада колдонучу балка менен бир нече жолу башка чаап өлтүрүп салган. Окуя болгон жерге кийин аялдын ойношу келип сөөктү унаага жүктөп барып, каналга ыргытып жиберген. Бирок мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын кызы дайынсыз жоголгон атасын издөөнү токтоткон эмес. Маркум 1,5 жылдан кийин табылып, жакындары белгисиз болгондуктан жерге берилген. Милиционерлер тиешелүү иштерди жүргүзүп, шектүү катары жубайын камакка алган. Көрсө "сүйүшкөндөр" үй ээсин тынчытып коюп, эч нерсе болбогондой тиричилигин улантып, мал-мүлкүн бөлүшкөнгө чейин жетишкен.

Миллионер сугатчы

© Sputnik / Мирбек СакеновМиллионер сугатчы
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Миллионер сугатчы

Айылда сугатчы болуп иштеген 20 жаштагы жигит 99 миллион рублга жакын акчаны Россияга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган. Ал аэропорттон ири суммадагы акчаны чет өлкөгө декларациясыз чыгарып бараткан маалда укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөн. Каражат ошол учурдагы өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык мамлекетке өткөрүлмөк.

Амалкөй бийкеч

© Sputnik / Мирбек СакеновАмалкөй бийкеч
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Амалкөй бийкеч

Кечинде көчөдө калып калган кыз көздөгөн жерине жетип алуу үчүн жолдо өтүп бараткан унааны токтоткон. Машинанын ичиндеги эки жигит менен алгач тил табышып жакшы сүйлөшүп баратышкан. Бир маалда айдоочу багытын өзгөртүп, эл жок жерге катуу айдап жөнөгөн. Бийкечти зордуктоого аракет кылган балдар кызга өз каалоосу менен ызы-чуу салбай жыныстык катнашка барууну сунуштаган. Ошондо кыз амалкөйлүк кылып балдарды "машинадан чыгып күтүп тургула, чечинип алайын" дейт да эргулдар чыккандан кийин "Жигулини" айдап качып жөнөгөн. Үйүнө жакын келгенде багажниктен темир таап чыгып унааны талкалап таштап салган.

Узап кеткен айдагы соттук чечимдер тууралуу материалды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0