Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя

CC BY 2.0 / *saipal / Appetite for lifeСлучаи поножовщины
Случаи поножовщины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндөн бери тынбай ичип жаткан кошуналар. Арактанбы, же чын эле көзүнө жакшы көрүнүп, эреркеп кеттиби, айтор биринин аялы коңшу жашаган эркекти өөп жиберет.

Миң сом үчүн беш жылга соттолгон ууру, келинчегин бычак менен көзгө сайган күйөө жана тууганын жардырып өлтүрүүгө аракет кылган шылуун. Дал ушундай чуулгандуу иштерди соттор узап бараткан айда карап чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттиги айрым сот чечимдерин сунуштайт.

Эже-сиңдинин мушташы. Карыз акчанын айынан урушкан эже-сиңди үйдөн чачташа кетишкен. Биринин күйөөсү ыйлап отурган келинчегине болушуп, кайнежесинин жаагын сындыра чабат. Сот отурумунда жабырлануучу күйөө баласынан 500 миң сом моралдык, 181 миң сом материалдык чыгым өндүрүүнү суранат. Жыйынтыгында шектүү күнөөлүү деп табылып, чоң муштум жаран 100 миң сомдун айланасындагы акча төлөмөр болду.

Сотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Энесин атып алган милиционер, тонолгон финполчулар... 90-жылдардагы кылмыштар
Аялын кызганып, көзгө сайып… Кошуналар арак ичип отуруп, биринин аялы эркек коңшусун өөп коет. Кызганычтын айынан анын жолдошу жубайын бычак менен бир нече жолу бетке сайып жиберген. Жыйынтыгында аны бир кареги агып, оң көзү көрбөй калган. Ал эми соттолуучу окуя болгон жерден качып кеткен. Сотто келин дарыланып жатканын, жолдошуна арыз-муңу жок экендигин билдирген. Кызганчаак эркек эки жылга шарттуу кесилди.

Миң сом үчүн беш жыл. Түндө жатканга үй таппай калган кылмышкер бир таанышыныкына барып конгон. Эртеси күнү эле ал үйдүн ээси сарайдагы электр темир кескичи менен тактай кескичин таппай калган. Тергөө маалында милиционерлер буга чейин бир нече жолу соттолгон киши түндө арак ичкиси келип, өзү конгон үйдөн шаймандарды уурдап барып 1000 сомго сатып жибергендигин аныктаган. Сот аны беш жылга эркинен ажыратты.

Шашкан айдоочу. Чет элдик жаран жүк ташуучу унаасынын тормозу иштебей калганын билип туруп сапарын улантып үч машинаны сүзгөн. Жол кырсыгынан бир аял оор жаракат алып, 23 жаштагы жигит трассада көз жумган. Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Эми айдоочу беш жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Документтерди көтөрүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жибердим. Албадым! Матраимовду актаган соттун өкүмү кайда калганы белгисиз
Өч алуу. Айылда мал багып өз тиричилигин көрүп келген жигит ичип алып, ала качуудан кийин каза болгон эжесинин күйөөсүнөн өч алмай болот. Мылтыгын көтөрүп алып барган кайнисин жездеси апасы экөө тосуп алат. Жигит ок чыгаргандан кийин Бишкекке качып кетип, узак убакыт түрдүү жумуштарда иштейт. Бир топтон кийин милицияга өзү барып окуянын чоо-жайын айтып берген. Көрсө ок жеген адам аман калып, анча деле оор жаракат алган эмес экен. Сот көчөгө курал көтөрүп чыккан жаранды шарттуу кести.

Мыкаачы ата. Үй сатып алган аял тамдын ээси каза болуп калгандыктан документтерин өз убагында бүтүрүүгө жетишпей калат. Убакыт өткөн соң үйдүн жаңы ээсине маркумдун уулу кагаздарын көтөрүп келип, турак жай ага таандык экендигин билдирген. Сот да аны тастыктап, үйдү бошотуп берүү чечимин чыгарат. Бирок сатып алган келиндин бир тууганы буга макул болбой, соттошкон эркекти катуу сабап, унаанын багажнигина салып шаардын четине алып чыккан. Ал жактан үй ээсинин башына желим баштык кийгизип, бутуна темир байлап сууга ыргытып чөктүргөн. 31 жаштагы кылмышкер 21 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду. Үйдө улгайган энеси, эки кызы жана келинчеги бар.

"Мен сени өлтүрөм". Окуя жаңы жылга үч күн калганда болгон. Кылмышкер сүйлөшкөн кызынын үйүнө келсе, ал башка эркек менен отурган болот. Бийкеч жаңы таанышын кетирип, үйдө аны менен калган. Экөө алгач урушуп, андан соң жигит кызды таң аткыча сабап, бычак алып "өлтүрөм" деп коркуткан. Так ошол маалда жабырлануучунун колуна кайчы тийип калып, кол көтөргөн жаранды көзгө сайып, кошунасыныкына качып кеткенге үлгүргөн. Кийин экөө элдешип, сабалган кыз жигитин жазалабоону суранган. Сот ага карабай чоң муштумду жети жылга эркинен ажыратты.

Нож в руках у мужчины - Sputnik Кыргызстан
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
Бомбаны интернеттен көрүп жасаган… Кылмышкер алыс тууганынан үстөк пайыз менен насыя алып жүрүп, кийин иши жылышпай карызын төлөй албай калат. Бересе болгон адамга үй-жайын акча бергендерге каттап берүү талабы коюлган. Соттолуучунун айтымында, алар өз үйүмдө жашап жаткандыгым үчүн айына 500 доллар ижара акы сурап баштаган. Бара-бара алардын тууганчылык мамилеси өтө начарлап, карыз берген адамдын прокуратурада иштеген баласы төлөмөр болгон жакынына кылмыш ишин козготом деп коркута баштаган. Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, соттолуучу мурдагы аскер кызматкеринен тротил (жардыруучу зат — ред.) сатып алып, интернеттен даярдоо ыкмасын көрүп, бомба жасап жабырлануучунун унаасына койгон. Бомба жабырлануучу машинасынын ичин тазалап жатканда жарылып, колу жулунуп, көзүнөн катуу жаракат алып аман калган. Эч нерсеси жок көчөдө калуудан корккон 38 жаштагы киши 21 жылга соттолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0