БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бүгүн түңда болжол менен саат 4.30дарда Бишкек — Ош жолунун 212-270-чакырымында жол кырсыгы болуп, андан төрт киши каза тапканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Кырсыкка Mercedes-Benz менен Honda Accord кириптер болгон. Алдын ала маалымат боюнча Mercedes унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Мертинген төрт киши дал ушул машинада экени айтылды.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Honda Accord унаасындагы жабыркаган эки кишиге жардам көрсөтүп, жакын жердеги медициналык пунктуга жеткиришкен.
Ушу тапта кырсык болгон аймакта Жалал-Абад милициясы иштеп жатат.