БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ошто июль айында 672 турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 3-августта, мэриянын имаратында турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктан сактоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча жыйын өттү.
Ага биринчи вице-мэр Саипжан Турдуев, шаардагы баардык мекеме-ишканалардын, аймактык кеңештин жетекчилери, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" Ош шаары жана Ош облусу боюнча филиалынын өкүлдөрү катышты.
Учурда Ош шаарында 56 593 турак жай болсо, 2017-жылдын август айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин камсыздандыруу полиси 9446 үйгө берилген.
Быйыл июль айында 672 турак жай камсыздандырылган. Анын ичинде 192си согуш ардагерлери, I, II топтогу майыптар. Алардын турак жайы акысыз, ал эми III топтогу жарандар жашаган 55 үй 50 пайыз төлөм менен камсыздандырылды.