00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:08
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жигит менен мырзанын айырмасы эмне? Эркектердин жашы боюнча аталышы

Жазылуу
Кары адамдарды жалпысынан абышка, аксакал, чал деп атап, жаштарды мырза, жигит, улан деп айтып жүрөбүз. Бирок ар бири жаш куракка жана жашоодогу орду боюнча чечмеленет.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында дал ушул теманы козгойбуз, сөздөрдү чечмелегенге филолог Ишенбек Султаналиев менен балдар акыны Токтосун Самудинов жардам берди.

Эскерте кетчү учур, бул жерде белгиленген жаш курак бир-эки жылга жылышы да мүмкүн.

Бала — төрөлгөндөн тарта 13 жашка чейин, башкача айтканда биринчи мүчөл жашы.

Ымыркай, наристе — төрөлгөндөн 2-3 жашка чейин;

Бөбөк — 7 жашка чейинки курак;

Жеткинчек — 7 жаштан 10 жашка чейин (кызга да, уул балага тиешелүү);

Тестиер — 10 жаштан 12 жашка чейин (кызга да, уул балага тиешелүү);

Өспүрүм — 12ден 16 жашка чейин (кызга да, уул балага да айтылат);

Улан — 17 жаштан 20 жашка чейин;

Жигит — 20 жаштан 35 жашка чейин;

Киши — 37 жаштан 49 жашка чейин;

Кыргыз элинде эр ортону элүү жаш деген сөз бар, бул адам жарым өмүрүн жашап, улуулукка баш кое баштаган учур.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Эл ичинде жаш өйдөлөп, улгайып бара жаткандарга "абышка", "аксакал", "чал" деген сөздөрдү колдонушкан. Материалыбызда бир аздан соң ал сөздөргө да өзүнчө аныктама беребиз. Азырынча, эркектердин аталышын андан ары улайлы.

Эркек — бардык куракта айтылат;

Уул бала — эркек деген сөздүн синоними. Кыргызда жеңе кайнисин өмүрү өткөнчө "уул бала" деп тергеген. Түрк тилдүү элдердин айрымдары жаш баланы уул бала дейт.

Мырза — өз курагынан эрте эле кыргыздардын бардык жашоо багытын билген, оозунда сөзү бар адам.

Эр — баатыр мүнөз, ички-тышкы маселелерди чече алган, оозунда сөзү, колунда күчү бар, тарыхты билген жигит.

Абышка — улгайган курак, кыргыздын каада-салтын орто деңгээлде билген адам;

Чал — улгайган курак, каада-салтты көп билбеген, накыл кептер боюнча түшүнүгү аз, чала сабат, өз түшүнүгүн бербеген адамды айтышкан.

Аксакал — улгайган курак, кыргыздын каада-салтын, тарых-санжырасын толук билип, айылды тескеген адам. Жамандык-жакшылыкта калайык калк аксакалдар менен кеңешкен.

Карыя — улгайган учурдан тарта көзү өткөнгө чейинки мезгил;

Жаңылыктар түрмөгү
0