БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Казакстандык ырчы Кажымурат Шешенкул өзүн маалымат базасында өлгөн адам катары саналып жүргөнүн капысынан билип калган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Макалада айтылгандай, ырчы жашаган жери боюнча каттоого турайын деп бейтапканага барган. Бирок ал тууралуу маалыматтарды текшерип көрүшкөндө, 2013-жылдан бери өлгөн деп эсептелип жүргөнүн айтышкан.
Кызыгы, бул ырчы менен байланышкан биринчи окуя эмес. 2014-жылы жаңы унаасын өзүнө каттатууга барганда дагы аны тирүүлөрдүн арасынан таппай коюшкан. Анда ошол кезде базадагы туура эмес маалымат оңдолгон.
Артисттин пикиринде, каттоо кызматындагылар аны 2013-жылы каза болгон биртууган агасы менен алмаштырып алышы мүмкүн.