БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Нью-Делиде өткөн Азия чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утуп, Кыргызстандын гимнин жаңыртты. Аталган видеону кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасы аркылуу жарыялады.
![Чемпионка Азии по женской борьбе среди кадетов Айпери Медет кызы и Мээрим Жуманазарова Чемпионка Азии по женской борьбе среди кадетов Айпери Медет кызы и Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104027/97/1040279737_0:0:810:866_600x0_80_0_0_0561a01edc80ebd2aaa6bc569bad3cf0.jpg)
"Биздин кыздар Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова кош кубаныч тартуулады", — деп жазган Тыныбекова.
Жуманазарова квалификациялык кармашында Кытай Тайбэйинин балбаны Чиа Хсуан Чангды 12:0, чейрек финалда кореялык Хьон Йонг Паркты 8:3, жарым финалда казакстандык Валерия Гончарованы 10:0 эсебинде жеңип финалга өткөн. Чечүүчү кармашта индиялык Дивя Какранды 11:0 эсебинде жеңип чемпион аталды.
Ал эми Медет кызы квалификациялык кармашында индиялык Каруна Карунаны 8:0, чейрек финалда казакстандык Айнагүл Абированы 11:0, жарым финалда монголиялык Оюнбагана Батчулууну 10:0 утуп, чечүүчү кармашта кытайлык Ю Жень Дингди 11:0 упай эсебинде жер караткан.
Жаштар арасындагы Азия чемпионаты ушул тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө. 17-июлда башталган мелдеш 22синде жыйынтыкталмакчы.