20 жыл мурдагы өч, Хорватиянын өкүтү, Франциянын доору. Чемпионаттан кийинки ой

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүНаграждение победителей ЧМ-2018 по футболу
Награждение победителей ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип, бир айлык уйкусуз түндөр артта калып, Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Бул ирет дагы футбол керемети жер шарында далайды кайгыртып, көбүн кубанычка бөлөдү. Россиянын 11 шаарына дүйнө жүзүнөн күйөрмандар агылып келип, орустардын меймандостугуна, кең пейилине ыраазы болуп кетишти.

Награждение победителей ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Көз жаш, ыза, толкундануу, го-ол! FIFA уюмунун бир айды 4 мүнөткө батырган видеосу
Баш байге үчүн 15-июлда финалда Москвада Хорватия Франция менен чыныгы атаандаштыкты көрсөткөнү менен дүйнө Кубогун алдырып, арманда калды. Француздар 1998-жылдагы ийгилигин кайталап 20 жылдан кийин экинчи ирет дүйнө чемпиону аталды. 19 жаштагы Килиан Мбаппе Франциянын футбол жылдыздарынын бири катары таанылды. Бул дүйнө чемпионатынын таасири, жыйынтыктары тууралуу спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов баяндап бермекчи.

Баш байге үчүн Хорватия менен Франциянын ортосунда кыл чайнашкан кармаш болду. Эки команда эски атаандаштардан эле. Мындан 20 жыл илгери 1998-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатында плей-оффто Румынияны 1:0 эсебинде, чейрек финалда Германияны 3:0 эсебинде утуп, жарым финалда талаа ээлери француздарга 2:1 эсебинде утулуп, баш байгеге талапкер болбой, анда да арманда калган. Ошондой болсо дагы ындыны өчпөй, эгемен Хорватиянын тарыхында алгач ирет коло байгелүү болуп, III орун үчүн беттешүүдө Голландияны 2:1 эсебинде жеңип, үйүнө коло медаль тагынып кайткан.

20 жыл мурдагы өч алынбай калды…

© REUTERS / KAI PFAFFENBACHРоссияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду
Награждение победителей ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду
Эми ошол 20 жыл мурдагы өчүн француздардан алууга абдан аракет кылды. Бул ирет да француздар дүйнөдөгү мыкты команда экенин далилдей алышты. Бирок, 4 миллиондон ашуун калкы бар, спортко дилгир Хорватиянын аракетине жогору баа бериш керек. Себеби, эгемендүүлүк алганына 20 жылдан ашуун убакыттын ичинде эле, алар Европадагы мыкты командалардын сабына кошулду. Россиядагы дүйнө чемпионатына жолдомо алуу да кыйынга турду.

2018-жылкы дүйнө чемпионатына мыктыларды тандоо турниринде хорваттар Европадагы футболу өнүккөн Украина, Түркия, Финляндия, Исландия жана Косово өлкөлөрүнөн арбын упай топтоо менен, Грецияны утуп алуу менен дүйнө чемпионатына жолун ачты. Ал эми Россиядагы финалдык бөлүктө хорваттар "Д" тайпасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина, Исландия жана Нигерия командаларын ишенимдүү утуп, 9 упай менен лидер болду. Плей-оффтогу Дания менен болгон окуя чейрек финалда дагы кайталанды. Чейрек финалда жалпы Россия сүрөөнгө алып турган оюн ээлери менен негизги жана кошумча убакыттарда 2:2 эсебинде тең чыгып, пенальти тебүүдөн гана россиялыктар жыдып, жарым финалга чыкпай арманда калганы тарыхый окуя болду. Бул ирет да хорватиялыктардын жылдызы жанып, даниялыктарды пенальтиде уткандай, россиялыктарга жеңилүү ызасын тарттырды. Бул оюнга жалпы футбол күйөрмандары да ыраазы болуп, россиялыктарга да жогору баа беришти. Натыйжада алакандай Хорватия жарым финалда футболдун мекени болгон дүйнө чемпону Англия менен мөрөй талашып, аларды да үйүнө кайтууга аргасыз кылды.

Жылдызы жанган Модрич

© Sputnik / Елена Руско / Медиабанкка өтүү"Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич
Футбол. ЧМ-2018. Хорватия - Нигерия - Sputnik Кыргызстан
"Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич
Хорватиянын күйөрмандары команда капитаны 32 жаштагы арык чырай, Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич баштаган футболчуларынын финалдык беттешүүдөгү аракеттерине жогору баа берди. Башты жерге салбай, 2022-жылы Катарда өтчү дүйнө чемпионатына азыртан даярдык көрүүсүн тилеп турушат. Франциялык футбол эксперти Жерар Улье да жылдызы жанган Лука Модричти борбордук бөлүктө оюнду мыкты уюштура билген чыгаан футболчу, коргонуу жана чабуул коюу тактикасын жакшы билген адис катары баалады.

Франция командасынын тумары — Килиан Мбаппе

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФранция тандалма командасынын эң жаш чабуулчусу Килиан Мбаппе
Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Перу - Sputnik Кыргызстан
Франция тандалма командасынын эң жаш чабуулчусу Килиан Мбаппе
Мындан 20 жыл илгери 1998-жылы 12-июль күнү футбол боюнча 16-дүйнө чемпионатында Франциянын курама командасы өз жеринде дүйнөнүн 5 жолку чемпиону болгон Бразилиянын командасы менен финалга чыгып 3:0 эсебинде утуп, жылдызы жанган эле. Эми минтип франциялыктар Россияда өткөн 21-дүйнө чемпионатынын чейрек финалында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Уругвай командасын, жарым финалда Бельгияны 1:0 эсебинде утуп, финалда Хорватияны 4:2 эсебинде жеңип, экинчи ирет баш байгенин ээси болду.

Бардык эл, улуттар кандайдыр жооптуу сапарга аттанаарда бир нерсени тумар тутуп, төлгө кылышат эмеспи. Мындай салттан француздар дагы четте калбай, бул сапар гезиттери да финалда Франция тандалма командасынын эң жаш чабуулчусу Килиан Мбаппени команданын "тумары" катары, төлгө кылышкан эле. Француздардын 19 жаштагы жигитти команданын тумары катары атап жаткандыгынын бир себеби, Франция өз жеринде футбол боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон 1998-жылы 20-декабрда Бонди шаарында Мбаппе туулган. Футбол үчүн жаралгандай Килиан Мбаппе чеберчилиги менен таанылып, Россиядагы өтүп жаткан чемпионатта жакшы оюн көрсөтүп, финалдагы акыркы топту киргизгенине дүйнө калкы күбө болду. Маңдайы жарык, кара тору бул жигит финалда Францияга күч-кубат берип, экинчи алтын кубоктун ээси болуусуна өбөлгө болду дешип, француздар аны тумар катары кабыл алды.

Президент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев посетили финальный матч чемпионата мира по футболу 2018 - Sputnik Кыргызстан
Макгрегор Путин менен сүрөткө түшүп, пикирин билдирди
15-июлда финалдык беттеште Килиан Мбаппе жана анын өнөктөштөрү дүйнө чемпионатынын алтын медалын татыктуу жеңип алды. Адистер жылдызы жанган бул баланын келечеги алдыда экенин айтышууда.

Ошентип, бир айлык спорт майрамы аяктады. Көптөрдүн эсинде Москвадагы ири стадиондогу чакалап төккөн нөшөр, жамгырда өтмө катар суу болуп, бирок футболчуларга, калыстарга, машыктыруучуларга сыйлык тапшырган президенттер, спортчулардын жаш баладай кубанган ирмемдери калды.

Бул мундиаль дүйнөгө жаңы ысымдарды тартуулады, бир нече футболчунун жылдызы жанды, бир топ мамлекеттердин лидерлерин дүйнөгө башка жагынан таанытты. Баса алардын арасында, Хорватиянын президенти, жакшынакай айым Колинда Грабар-Китарович болду.

Ал эми Россия оюнду татыктуу, жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн көптөрдүн жылуу пикирине арзыды. Ал эми жеңгендер да, жеңилүүнүн ызасын тарткан үлкөн командалар футбол боюнча дүйнөнүн келерки чемпионатына, Катардагы оюнга (2022-жыл) даярдыкты эмитен көрүү үчүн үйлөрүнө кайтты.

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0