БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына чөгүп кеткен 18 жаштагы баланын сөөгү бир күндөн кийин табылып, жакындарына берилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-июль күнү саат 15.30дарда болгон. Издөө иштерине жалпы жонунан 10 куткаруучу тартылган.
Сөөк 12-июлда саат 10.05те табылган.