00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда эки жылдан кийин элдин так саны белгилүү болот

Жазылуу
Эл каттоого 547,5 миллион сом жумшалат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Калкты жана турак жай фондун каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматы жыйын 11-июлда өткөнүн кабарлады. Бороновдун айтымында, калкты жана турак-жай фондун каттоого алуу — мамлекеттик маанидеги иш-чара.

"Каттоо өлкө аймагында жашап жаткан калктын расмий эсебин алууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул иш-чарага тыкыр даярдык көрүү маанилүү. Калкты каттоого алууну сапаттуу жүргүзүү мамлекеттин жалпы тармагынын бардык аспектилерине өз таасирин тийгизет. Калктын санын аныктоо ресубликанын демографиялык саясатын жана социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга жол ачат. Алсак, ал эмгек миграциясынын абалын тактоого, зарыл болгон жерлерде билим берүү, медициналык мекемелерди жана өнөр жай объектилерин курууга мүмкүндүк берет", — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов республикалык комиссиянын мүчөлөрүнө калкты жана турак-жай фондун каттоого алууга даярдык көрүү жана аны өткөрүү тууралуу маалымат берди.

Уничтожение старых банкнот в Банке России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы облусу мигранттардын которгон акчасынан көз каранды
"2019-жылы Чүй облусунун аймагында тутумду тестирлөө үчүн сынамык каттоону жүргүзүү пландаштырылууда. Тартылган кызматкерлердин жалпы саны 25 миңге жакын адамды түзөт, ал эми тестирлөө процессине 500гө жакын адам тартылат. Калкты каттоого алуунун жаңылыгы катары каттоо программасына эмгек миграциясын мүнөздөгөн суроолордун моделдик блогунун, туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн түзүү үчүн суроолордун киргизилиши саналат, ошондой эле биз мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын такталган саны туралуу маалымат алабыз", — деди ал.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдан 2020-жылга дейре жалпы кампанияны өткөрүүгө 547,5 миллион сом керектелет. Көрсөтүлгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү же 62 пайызы кызматкерлердин — каттоого алуучулардын, регистраторлордун, инструкторлордун айлык акысына керектелет.

Белгилей кетсек, маанилүү маселелердин бири катары каржылоо маселеси эсептелет. Муну эске алуу менен Финансы министрлигине 2019-жылга карата республикалык бюджетте жана 2020-2021-жылдарга берген божомолунда калкты жана турак жай фондун каттоого алууга даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө кошумча финансылык каражат кароосу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0