00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк баалардын өсүшү, күйүүчү майдын тартыштыгы жана айыл чарбанын келечеги! Кыргызстан бул чакырыктарга кантип жооп берүүдө?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что защищают российские комплексы С-300 в Кыргызстане - эксперт о современных угрозах
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Адилет соттук териштирүү: улуттук стратегия жана жарандардын укуктарын коргоо
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда жарандарга техникалык паспорттор электрондук форматта бериле баштады
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Камактагы компанияларынын экөө эбак жоюлган. Шадиевдин мал-мүлкү тууралуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Аскарбек Шадиев. Архив
ЖК депутаты Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын билдиришинче, Аскарбек Шадиев жана жакындары ага кылмыш иши козголгонго чейин айрым мүлкүн сатып, башкаларга кайта каттатууга жетишкен.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Май айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиев менен анын жакын туугандарына таандык делген 12 компания менен беш турак жайды камакка алган болчу.

Алардын арасындагы жоопкерчилиги чектелген беш коомдун уставдык капиталынын 100 пайыз үлүшү Шадиевдерге таандык экени көрсөтүлгөн. Атап айтканда, "Боорсок плюс", "Тип-Топ", "Трейд Инвест", "Аква Инвест", "Союз Инвест" ишканалары. Андан сырткары, "Бената", "Карвен групп", "Ларель", "Аква Инвест плюс" жоопкерчилиги чектелген коомдордун уставдык капиталынын 50 пайызына дагы ээлик кылып келген. Эки компанияга — "Карвен четыре сезона", "Континенталь транс сервис" ЖЧКларында 33,33 пайыздан үлүшү бар.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Коррупциядан саясий өч алууга чейин. Жээнбековдун кайрылуусундагы орчундуу ойлор
Ал ортодо УКМК Аскарбек Шадиев жана анын жакындары мүлкүнүн бир бөлүгүн кылмыш иши козголгонго дейре, тагыраагы, 28-апрелге чейин эле сатып, башкаларга каттатып коюшканын билдирди. Маалыматта Финансылык чалгындоо кызматы депутаттын банктагы эсептерин камакка алгандан кийин Шадиевдердин 11-апрелден тарта айрым мал-мүлкүн сатып калууга үлгүргөнү айтылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына Шадиевдерге таандык делген кайсы мал-мүлк сатылып, кайсынысы башкаларга каттатылганын сурап кайрылганыбызда учурда тергөө жүрүп жатканын жүйө келтирип, бул тууралуу маалымат тергөө аяктагандан кийин коомчулукка жарыялана турганын кабарлады.

Камакка алынган мүлктөрдүн таржымалы

100 пайыздык үлүшү Шадиевдерге таандык делген 5 компаниянын бири — "Трейд Инвест" ЖЧКсы 28-апрелге дейре кайра каттоодон өткөн. Атап айтканда, Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу менен алектенген "Трейд Инвест" ЖЧКсы 23-апрелде кайта каттоого алынганы айтылат. ЖЧКнын жетекчиси делип Ж.У.М., учредители катары В.Д.Ю аттуу жаран көрсөтүлгөн.

— "Боорсок плюс" ЖЧКсы 2017-жылы 15-декабрда кайра каттоодон өтүп, түрдүү товарларды дүңүнөн соодалай турганы жазылган. Ээси катары Н.Г.Ф. аттуу жаран көрсөтүлүп, учредителдердин арасында да Н.Г.Ф жана "Тип-Топ" ЖЧКсы көрсөтүлгөн. "Ачык бюджет" порталындагы маалымат боюнча ЖЧК 2016-жылы мамлекетке 26 368 сом салык төлөгөн.

— "Тип-Топ" ЖЧКсы негизинен түрдүү товарларды дүңүнөн сата турганы белгиленип, 2017-жылы 28-февралда кайра каттоодон өтүп, жетекчиси жана учредители катары Н.Г.Ф. аттуу жаран көрсөтүлгөн.

Заседание президиума правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Ичип-жегендер куссун! Депутаттар тышкы карыздан кутулуу үчүн акча берүүгө даярбы
— "Аква Инвест" ЖЧКсы турак-жай жана киши жашабай турган имараттарды салуу менен алектенет. 2006-жылы 28-декабрда кайта каттоого алынган. Жетекчиси М.З.У. аттуу жаран болсо, учредители Ш.А.К. аттуу адам.

— "Союз Инвест" ЖЧКсы да турак-жай жана киши жашабай турган имараттарды салуу менен алектенет. Жетекчиси А.Д.А. аттуу жаран, учредители Ш.А.К. деген киши деп 2016-жылы 21-июлда кайра каттоодон өткөн. "Ачык бюджет" порталында эч кандай маалыматы жок.

Шадиевдердин 50 пайыз үлүшү бар делген төрт компаниянын экөө — "КАРВЕН груп" жана "Ларель" ЖЧКлары 28-апрелге чейин бир күндө кайра каттоодон өткөн.

— "KARVEN group" ("КАРВЕН груп") жоопкерчилиги чектелген коому 13-апрелде кайра каттоодон өтүп, жетекчиси катары Б.С.А. аттуу жаран көрсөтүлгөн. Ал эми учредители Б.Г.Г. экени жазылган. Сайтта бул компаниянын турак үй жана киши жашабай турган имараттарды курууга адистешкени көрсөтүлгөн. "Ачык бюджет" порталындагы маалыматка ылайык, компания мамлекеттик бюджетке 2017-жылы 2562 сом төлөсө, 2018-жылдын 1-июнуна карата 135 980 сом төлөгөн.

— "Ларель" жоопкерчилиги чектелген коому дагы 13-апрелде кайта каттоодон өтүп, ЖЧК жетекчиси катары Б.С.А. экени жазылган. Бул компания да турак үй жана киши жашабай турган имараттарды курууга адистешкен. Учредителдери Б.К.Г., Б.Г.Г. жана Б.Э.О. аттуу жарандар. "Ачык бюджет" порталындагы маалымат боюнча компания 2016-жылы бюджетке 900 (тогуз жүз) гана сом төлөгөн.

— "Бената" ЖЧКсы ишмердигин токтотту деп 2015-жылы 12-январда каттоого алынган.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Матраимов, Жээнбеков жана коррупцияга каршы күрөш... Серепчилердин пикири
— "Аква Инвест плюс" 2006-жылы 12-декабрда кайта каттоодон өтүп, жетекчиси деп М.З.Н аттуу жаран, учредителдери деп "Аква-инвест" менен "Бактуу-Долоноту айылындагы өнүгүү" коомдук фондусу көрсөтүлгөн. "Ачык бюджет" порталында ишкана тууралуу маалымат жок.

Шадиевдердин үлүшү 33,33 пайыз деген "Карвэн-четыре сезона" жоопкерчилиги чектелген коому 11-апрелде кайта каттоодон өткөн. ЖЧКнын жетекчиси катары С.В.И. аттуу жаран көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча компания турак үй жана киши жашабай турган имараттарды курат. Учредителдери деп Б.Г.Г., К.В.А., Ш.С.А. жазылган. "Ачык бюджет" порталындагы маалымат боюнча компания мамлекеттик казынага 2017-жылы 187 072 сом төлөсө, 2013-жылдан бери жалпысынан 1 миллион 620 миң 835 сом которгон.

30 пайыздан ашык үлүшү бар делген "Континенталь транс сервис" ЖЧКсы ишмердигин токтотту деп 2009-жылы 10-апрелде каттоодон өткөн.

Юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, мыйзам боюнча камакка алынган мүлктүн бардык активдери тоңдурулат. Башкача айтканда, компания мүлкүн сатып, аны алып чыгып кете албайт. Ошондой эле жаңы келишимдерди түзө албайт. Эгер тергөөгө эч кандай зыян келтирбесе иштей берет. Ал эми шек жаратса тергөөчүнүн өтүнүчү менен ишкана толук жабылышы мүмкүн.

Кандай учурда мекеме кайра мамлекеттик каттоодон өтөт?

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ТЭЦ боюнча документтерди алуу үчүн Кытайга кайрылат
Кыргызстандын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесине ылайык, эгер юридикалык жактар өзгөртүлүп түзүлсө, бөлүнүп чыкса, жоюлса, уставдык капиталдын өлчөмү, катышуучулардын үлүштөрү өзгөрсө, аталышы алмашса, уюштуруучулардын курамы өзгөргөндө, юридикалык жактын жайгашкан жери өзгөрсө (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче) кайрадан каттоого алынат.

Эске салсак, мурдагы биринчи вице-премьер, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге карата үч берене боюнча кылмыш иши козголгон. Алар "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери.

Жаңылыктар түрмөгү
0