БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өтүп, китептер чыгарылды. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты.


Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадырали Конкобаев дагы катышты.
Мамлекет башчысы Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоӊ иш аткарып жатканын белгиледи.

"Кыргыз элинин руханий мурастарын изилдөөдө, аны жалпы түрк дүйнөсүнө жайылтууда жасап жаткан ишиӊиздер кубантат. "Манас" эпосу, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов сыяктуу мыкты адабий үлгүлөрүбүздү орток түрк маданий казынасына кошуп жатканыӊар түрк тилдүү элдердин жакындашуусуна өзгөчө таасир этет", — деди Жээнбеков.
Жолугушуу маалында Түрк академиясы өкүлдөрү мамлекет башчысын араб арибинде жазылган, Манас эпосунун ар кайсы варианттарын камтыган кол жазма китеби менен тааныштырышты.
Ошондой эле Дархан Кадыралы менен Кадыралы Коңкобаев президентке Алтайда 3000 метр бийиктикте табылган жана реставрацияланган кыл кыякты белекке беришти.
Жээнбеков аларга ыраазычылыгын билдирип, кол жазманы басып чыгарууга жардам көрсөтөрүн жана кыл кыякты Бишкектеги Тарых музейине өткөрүп берерин белгиледи.