Ал айылга жаңы иштегени келген жаш мугалимдерди, кичинекей кезинде айылдан борборго качканын эстеди.
Биздин каарман Нарын облусунун Миң-Куш айылында туулуп өскөн.
Студент кезде чогуу окугандардан калышпай сыя калемди колума алып элетке көп эле кат жазам. Чыңгыз Айматовдун "Жамийла" чыгармасында "Андагы Таластын атыр жыттуу абасында жашап жаткан биздин үйдүн ээси чоң атам Жолчубайга…" деген жери эмеспи. Ал саптарды мен өзүмдүн чыгармачылыгыма салып жазаар элем. Өзгөчө шаарда интернетта жашап жүргөндө көп кат жаздым. Атамдын колу сулуу болчу. Ал киши менин кичинекей катыма үч барак кылып жооп жазат. Анда "жакшы окуу, тынч жүр, тентек балдарга кошула көрбө, бирөөнүн нанын жебе, башкаларга жаман сөз айтпа" деп акыл-насааттарын тизмектеп, "биз болсо жакшы, чоң апаң күүлүү-күчтүү, баягы кызыл козу чоң кой болду" деп улантат. Алардын баары көз алдымдан өтүп кубанып эле отуруп калам.
Башкача жакшы көргөн эжекем Александра Николаевна…
Бала кезимде биздин айылдагы мектепке үч жаш мугалим келди. Дене тарбия сабагынан тулку бою чоң болгон Керимбек деген агай келди. Эртең менен эрте келип сабактан кечиккендерди урушат. Андан соң баарыбызды тизип алып көнүгүү жасатат. Кыска убакыт ичинде айылда спорт аябай өнүгүп кетти. Бизге шарт түзүлүп, кызыгуубуз артып, ар бирибиздин шыгыбыз байкалып калган. Анын сабагына айрык өтүк кийип жүрсөң да катышып, көчөдө чүкө ойногон бала калбай калган. Ошентип айылыбыздан 5-6 чемпион, спорттун чеберлери чыкты.
Ал эми орус тил жана адабият сабагынан берген Синица Александра Николаевна туурасында азыр да ушундай жылуу, башкача эстейм. Алыскы тоолуу айылга 18 жашында, мөлтүрөгөн учурунда келген. Жанынан кетпей окуучулар аны ээрчип алабыз. Мен 4-5-класстагы баламын да, кубанычым койнуна батпай бактылуу болуп, аны менен жетелешип жүрөм. Сабагында балдар орусча оңураак сүйлөшө албайт, мен үйгө орусча сүйлөгөн конок көп келгендиктен мугалимден уялбай сүйлөшө берем. Ага болгон сыйлоом, сүйүүм чексиз эле. Ага жагыш үчүн, мактоосун угуш үчүн түнү бою китеп тиктеп окуп, материалды толугу менен өздөштүрүп чыкканга даяр элем. Александра Николаевна менин кийинки өмүрүмдө өзүнүн абдан чоң таасирин калтырды.
Айылдан борборго качып…
Музыкага кичинекей кезимде эле кызыгуум күч болчу. 7-классты аяктаганда үйдөгүлөр борборго жибербей койду. Азыр баамдасам, үйгө каралашып караан болот деген окшойт. Ага болбой, мен композитор болом деп ыйлап, түйүнчөгүмдү түйүп чоң энеме акырын айтып кичине акча алып түн ортосунда автобуска түшүп алып качып кеткем. Кийин өз алдымча Бишкекте, Москвада, Германияда көп жыл билим алып кесибимди жогорулаттым.
Алгачкы чыгарма
Жумгалдын, дегеле Нарындын бермети Соң-Көл эмеспи. Музыка дүйнөсү мени эбак арбап алган. Өспүрүм куракка кадам таштап, дүйнөнү кучагыма кыскым келген курагым, болжол менен 13-14 жашта болсом керек. Сүйүү эмне экенин да билчү эмесин, айылда негизи комуз чертилчү. Анча-мынча жаштар гитара ойноп калган мезгил эле. Мандолинада да ойночубуз. Съездбек, Жылдызбек деген досторум бар эле. Тоо койнундагы Соң-Көлдү бийиктен тиктеп отуруп,"Сагындым" ырынын алгачкы ыргактары келген. Бийиктен Жумгал өрөөнү алаканга салгандай көрүнөт. Эмнегедир эле "байкоосуздан сага кабылдым" деген кайрык оозума келе түштү. 2-3 күн гитараны кыңгыратып жатып, айтор, бир нерсе пайда болду. Анан ары-бери жагын толуктап, бир айдай жүрдүм. Кызыгы, обонду салайын деген сөз жок. Акындарга кайрылайын десем, 13 жаштагы бала кайдагы акынды билет. Анан текстти да чиймелегенге туура келди. Ошентип адегенде обону, андан кийин сөзү жаралган. Кийин карасам, чоң сүйүүгө кабылган жигиттей жазыптырмын. Балким, ууз сүйүү келген мезгил окшобойбу. Биринчи деген нерсе дайыма баалуу, барктуу, кол жеткис болот эмеспи, канча жыл өтсө да, саамайымды ак араласа да, ошол "Сагындым" азыркыга чейин көкүрөгүмө жакын. Кийин аны Бишкек шаарына (ал кездеги Фрунзе) келгенде да Панфилов гүл багында досторум менен далай ырдадык. Улан куракта аны көп аткардым. Ошол ырды Кайыргүл Сартпаева эже классикалык түрдө алып чыкты. Эжеден башка бир топ ырчылар аткарды…
Сагынам…
Бул катымды айылыма, айылдаштарыма жакшылык каалоо менен аяктайм. Айылдын касиетин, улуттун нукуралыгын сактаган бардык айылдар бар болсун демекчимин.
Урматым менен уулуңар, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев.