00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алтын жатын, кызыл камчы, төшөк салар... Көөнө сөздөргө көңүл коебуз

Жазылуу
Кыргыз эли көөнө сөздөргө абдан бай эмеспи. Күнүмдүк турмушта куйкум сөз, макал-лакап, улуу кептерди аралаштырып сүйлөсөңүз, сөз берметтерин чачыраткан киши болуп эле жатып калмаксыз.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Тибиртке рубрикасында бүгүн кыргыздардын турмуш тиричилигиндеги жана үй-бүлөлүк мамилелериндеги салттык жүрүм-турумдарда колдонулган көөнө сөздөрдү чечмелейбиз. Материалды даярдоодо этнограф Динара Молдокулованын Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты китеби пайдаланылды.

Бели сынды — күйөөсү каза болгон аялды бели сынды деп жүгүндүрүшкөн эмес.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Жеңе катын — бир туугандардын улуусу өлүп, анын жесирин кайнисине нике кыйган учурда, ал аялды эл арасында жеңе катын, тактап айтканда "баланчанын жеңе катыны" деп атап коюшкан.

Элечеги ообогон — күйөөсү өлбөгөн, бир никедеги, күйөөсү менен ажырашпаган аял кишиге карата айтылган.

Салбар аял — күйөөсү чанып, көңүл бурбаган аял.

Ит жатын, күмүш жатын, алтын жатын — аялды төрөгөн балдарына жараша сыпаттап айткан сөздөр. Балдары начар төрөлүп, жаман чыкса аялды ит жатын, ал эми чыгаан уулдарды төрөгөн аялдарды күмүш жатын, алтын жатын деп аташкан.

Этеги суюк, этеги ачык — жүрүм-туруму начар, күйөөсүнөн башка адам менен жүргөн аял кишиге карата айтылган сөз.

Ак кылуу — балага тескери бата берип, балалыктан кечүү.

Жети шакы — аялга төлөнгөн калың.

Кызыл камчы — аялын көп урган эркекке карата айтылат.

Торжественное мероприятие, посвященное 220-летию Тайлак-баатыра - Sputnik Кыргызстан
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Тасма тартынуу (тасма тагынуу) — жесир аялдын аза күтүү мезгилинде карманган салттарынын бири. Мында аны өңүнөн аздырып, арыктатуу максатында оролгон кыл аркандын үстүнө отургузуп, белин кыл аркан же кайыш кур менен курчаган.

Тизе жылытуу — аялынын үстүнө жаңыртып токол алуу.

Төшөк салар — кыз-күйөөнүн жатар төшөгүн салган жеңелерге берилген белек.

Куу шыйрак, куу этек — төрөбөгөн аялдарга карата айтылган сөз.

Уу сийдик, куу сийдик — тукумсуз эркек.

Эриш бузуу — кайындуу кызды ала качуу же никелүү аялды бузуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0