БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында ойной турган алгачкы төрт команда аныкталды.
Өткөн дүйшөмбү күнү А жана В тайпаларындагы акыркы беттештер өткөн. Биринчисинде Уругвай Россияны 3:0 эсеби менен утуп алган. Натыйжада Уругвай плей-оффко биринчи орундан, Россия экинчи орундан чыкты.
Ал эми В тайпасында плей-оффко Испания, Португалия менен Ирандын чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анүчүн биринчи эки командага тең эсеп жетиштүү болсо, Иранга жеңиш керек эле. Испания Марокко менен беттешип, оюн 2:2 эсеби менен аяктаган. Экинчи беттеште Португалия менен Иран кездешип, бул оюн да 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.
Натыйжада испаниялыктар тең эсептен улам биринчи орундан Россияга туш болсо, бир упай көбүрөөк алган Португалия А тайпасынын лидери Уругвай менен беттешмекчи.