БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команда эл аралык мелдешке катыша тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Айсулуу Тыныбекова быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпионатына алган жаракатына байланыштуу катышкан эмес. Спортчу 2017-жылы Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык турниринин финалында америкалык балбан Элен Марулис менен күрөшүп жатып, ийинин оорутуп алганы, кийинки кармаштарга жаракаты кедергисин тийгизгени айтылган.
Айсулуу Тыныбекова эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кыз-келиндер арасындагы күрөштөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган спортчу. Азиянын эки жолку чемпиону. Жайкы Олимпиада оюндарында эки ирет күчүн сынаган (Лондон-2012, Рио-Де-Жанейро-2016).