БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган Lexus автосун сүзгөн. Ал өз учурунда алдында турган унааны койгон. Бир маалда окуянын күбөлөрү ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, окуя саат 23.00дөр чамасында болгон.
"Honda үлгүсүндөгү унаа Фрунзе көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Жүргүнчү аялдын айтымында, айдоочу өзүн жаман сезип рулду башкара албай калган", — деди күбө.
Ал белгилегендей, жол кырсыгынан кийин жергиликтүү тургундар чогулуп айдоочу менен жүргүнчүгө жардам бере баштаган. Ал эми жолдо өтүп бараткан унаалар токтой калып тургундарга кыйкыргандан кийин массалык мушташ башталган.
Күбөнүн айтымында, айдоочулардын бири телефон аркылуу досторун чакырган. Кийин 10 адам жетип келип, массалык мушташка 25-30дай адам катышкан.
Милиция менен Тез жардам кызматы келген учурда мушташып жаткандар унааларына отуруп качып кеткен. Ал эми жергиликтүү тургундар арыз жазышты.
Тез жардам кызматы бир адамды ооруканага жаткырды – алдын ала маалымат боюнча Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун кан басымы жогорулап кетип, эсин жогото баштаган.
Ал эми жерине келген милиция кызматы бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилерин маалымдады.