Роза Исаковна менен мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков, коом каймактары, 700 миң кыргызстандык балдар жана өлкөдө ислам дининин таркалышы боюнча аңгемелештик.
— Роза Исаковна, 19-майда сиз өткөөл убактын президенти болуп дайындалгансыз. Эгер сегиз жыл мурунку маалга кайта алсаңыз, бир нерсени өзгөртмөксүзбү же жолубуз ошол нукта эле уланмак беле?
— Ал убакта өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп, бизди эч ким тоготпой турган, мамлекет саясий жактан жөнгө салынууга тийиш эле. Турукташтыруу планын ыкчам иштеп чыгуубуз зарыл болчу. Убактылуу өкмөт катары биз жоопкерчиликти алганбыз. Ошол учурда биз Бакиевди өлкөдөн кое бердик. Ушул маселе боюнча мага азыркыга дейре кине коюшат. Башка аргабыз жок эле, түштүктө ал мамлекетти бөлүп-жарууга бардык аракетин көргөн. Турмушту турукташтырууга тийиш элем, андан башка кадамга бара алмак эмесмин.
— Дагы бир ирет өлкөнүн президенти болгуңуз келеби?
— Буга Конституция жол бербейт. Ал кезде баары — Атамбаев, Текебаев, Бекназаров да президент болгулары келген. Ошондо биз макулдашып, авторитаризмге жол жок дегенбиз. Акаев менен Бакиевдин башкаруу жылдарын көрдүк. Мамлекетти гүлдөтүп жиберүү татаал. Мурдагы өкмөттүн күн тартибинде 40 кадам жана башкалар бар эле. Бирок тажрыйба жок, саясий биримдик жок. Кандайдыр бир бүдөмүк нерсе бар, дагы бир нерсеси жетишсиз. Ал эми тажрыйбаны эч кандай акчага сатып ала албайсың да, аны өз маңдай-териң менен топтойсуң.
— "Балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн мааниси жана кесипкөйлүктүн келечеги" форумунда сиз мамлекеттик бюджеттен билим берүү тармагына 25 пайыз жумшаларын айттыңыз. Өнүкккөн өлкөлөрдүн мамлекеттик казынасынан бул багытка 6 пайыздан ашык каражат бөлүнбөйт, бирок аларда билим алда канча жогору бааланат. Эмнени туура эмес кылып жатабыз, кандай катачылык кетип жатат?
— Мындагы цифраларды башкача окууга туура келет. Америка жана Японияда менчик билим берүү мекемелери арбын, алар кайрымдуу ишкерлердин аркасы менен ачылган. Ал эми бизде баары мамлекеттик бюджеттин мойнунда. Бишкекте 100 бала бакча, 60 жеке билим берүү мекемеси бар. Саны жакшы эле, бирок аймактарда абал начар.
Биздин фонд жалгыз бул форумду өткөрө алмак эмес. Иш-чара негизинен Билим берүү министрлиги, ошондой эле БУУнун ЮНИСЕФ фондусунун күчү менен уюштурулган.
Өлкөбүз жаш. Алты миллион калкка мектепке чейинки 700 миң бала бар. Бул эбегейсиз топ. Калкыбыз 10, 20, 30 жылдардан кийин билимдүү, кайраттуу, күчтүү болушу үчүн ушул чактан тарта биз алардын келечегине кам көрүүбүз абзел.
Биз бөбөктү тезирээк эле уктатып, жаткырууга шашабыз. Чындыгында, баланын алгачкы үч жылы эң маанилүү болуп саналат экен. Маселен, чет тилин үйрөнүү боюнча ошол чагында эле кеп баштаганыбыз оң. Ушул жашында кандай тарбия берсеңиз, баланын бүт өмүрүндөгү ийгилиги ошол салымыңыздан көз каранды. Эгер аны коомго кошпосоңуз, элге аралаштырбасаңыз, ал мектепти да жакшы бүтүрө албайт.
Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда окууну бешинчи, алтынчы класста эле таштап жатышат. Майда балдар кароосуз калууда. Азыр өлкөдөгү ар бир бешинчи бала гана бакчага барат. Соңку 6-7 жылда биз бул жаатта көп иш алпардык. Бүт республиканы кыдырып чыктым, мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай башка түрлөрүн жараттык.
Өзбекстанда президент Мирзиёев мектепке чейинки тарбия берүү министрлигин түздү. Бул алардын тамырынан тарта кам көрүп жатышкандыгын билдирет, ал эми бизде андай мамлекеттик орган жок. Ата-эне, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, тарбиячылар мектепке чейинки билим берүүгө көңүл буруу канчалык маанилүү экендигин аңдап-билүүсү зарыл. Биз баарына муну түшүндүрүүгө тийишпиз.
Биздин фонд ар кандай тилдеги бешик ырларынын жыйнагын топтоду, дискке жазып, элге тараттык. Эгер ымыркай эненин жатынында жаткан кезден тарта чет тилдеги сүйлөшүүлөрдү укса, анын тил үйрөнүү жөндөмү калыптанат.
— Балдарга билим берүү тармагынын бар багытын изилдеп жатып өзүңүзгө ачылыш жасаганыңыз байкалып турат. Эгер алгач апа болгон курагыңызда булардын баарын билген болсоңуз, бир нерсени өзгөртөр белеңиз?
— Көп нерсени өзгөртмөкмүн, ал эми азыр неберелеримден көптү үйрөнүүдөмүн. Кечки саат сегизде алар сөзсүз түрдө китеп окууга отурушат. Балдарды китепти сүйдүрүп көндүргөн дурус, айрыкча, гаджеттер жашообузду каптап кеткен заманда билимдин түбөлүк булагы — китеп. Ар бир кечте балдарга китеп окуп берүүгө убакыт табууга баарын чакырабыз, бул — өтө маанилүү кадам. Бул өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк болот. Мындай багытты биз аңдап, азыр ошого умтулуудабыз. Туура багытта жүрүп бараткан поездге отургубуз келет. Дүйнө жүзүнө болгон сапарларым, тажрыйбам…. Көптөгөн көрүнүктүү, белдүү адамдар менен кезигем. Көргөн-билген, үйрөнгөнүмдү Кыргызстанга алып келип, жайылтууга тырышам.
Тилекке каршы, бизде балдар адабияты, айрыкча, кыргыз тилинде абдан аз. Андыктан, биз "Манас" эпосун балдар үчүн арналган комикс түрүндө сундук. Барактап окуп көргөндө эле Манас качан төрөлүп, кайсы казаттарда кармашканын билесиз. Андан соң эпостун олуттуу чагылдырылган түрүн колуңузга алсаңыз болот. Ушундай жол менен бул баянды толук таанып билесиз.
— Сиздин фонддун долбоорлору канчалык кубаттуу түрткү болуп жатат деп эсептейсиз?
Маселен, Бишкекте балдар филармониясынын болушуна күч жумшадык. Биздин музыканттар чет жерлердегиден кем калышпайт, балким, алардан да артык иштейт.
Ар ай сайын поэзия кечелерин уюштуруп келем. Маяковский стадион толо эл чогулта алган заман жок азыр. Ал эми биз филармониянын сахнасына акындарды чакырып, ырларын окуп берүүлөрүн суранабыз, биз аларды эске тутуп калгыбыз келет.
Биздин маданий жайлар жигерсиз экендиги өкүндүрөт. Бизде бир дагы музей балдар үчүн иш алып барбайт, эч бири музейдин болочок көрүүчүсү менен иштебейт. Театрлар балдарга арналган спектакль коюуну өз деңгээлдеринен пас көрөт. Дүйнөнүн мыкты театрларында балдар менен тынымсыз иш алып барышат, ал эми бизде бул жаатта муз ордунан козголо элек. Бүгүн биз балдарды олуттуу музыкага сугаруубуз зарыл.
— Олуттуу дегениңиз классикабы?..
— Ооба. Интеллигенциянын добушу жаңырган булак жок. Ал эми бул өзүңүздөр билгендей, өлкөнүн өнүккөндүгүнүн белгиси. Кыргызстанда классикалык музыка багытындагы бир дагы радио канал иштебейт, ачыш да колумдан келбеди. Ачууну аябай самадым, бирок канал сатып алууга каражатым жок эле. Азырынча биз болгону элдик, фольклордук музыканы тыңдоодобуз. Классикага муктаждык жок дешет.
— Ошентсе да биздин опера жана балет театрына эл жык толот, бирок көрүүчүлөрдүн арасында негизинен чет элдиктер басымдуулук кылат.
— Өлкө жетекчилигинин оозунан балеттин бийик искусство экендиги тууралуу кебин эч тыңдай элекмин. Биздин коңшуларыбыз маданиятка чоң көңүл бурушат, бирок алар бай болгону үчүн гана эмес… Биздин Бүбүсара Бейшеналиева деген жылдызыбыз бар! Ал эч өчпөгөн, түбөлүк жанып турган жылдыз. Биз баарыбыз эргүү алып, маданияттын бардык ишмерлерин алаканга сала аздектөөгө тийишпиз.
Ал эми биз балет өнөрү жашап турган соңку түштүк катмар болуп саналабыз. Балет өңдүү улуу өнөр Россия аркылуу өткөн бизге. Баргыла, чек арадан өткүлө, мейли Кытай, Пакистан, Индия болсун, балетти сиздер эч жерден таба албайсыз.
Бул багытты дагы сактап келе жатабыз, мында ынтызарлардын эмгеги эбегейсиз. Балдар хореографиялык окуу жайды бүтүрүп, Казакстандын балетине кетип жатышат. Биз аларды сактап, ансыз да кыска балет өмүрүндө өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шарт түзүп бергенибиз оң. Ошондуктан искусствону сүйүү, сыйлоо адатын калыптандырууга тийишпиз.
Бишкекте чыгармачыл климат бар, бул сыймыктанчу көрүнүш. Бирок бул калаанын тегерек четииндеги 47 жаңы конушту камтыбайт. Ал жактарга калк айылдан көчүп келген, жаңы конуштарда да балдар көп. Биз аларга да жетип, искусство тууралуу айтып берүүбүз зарыл.
Мектепке барып, окуучулардан келечекте ким болорун сурайм. Дароо эле министр, президент, бажыканачы, салыкчы болом деген жооптор жаңырат.
Кыргызстанда мындан да көп мыкты серепчи, ынтызарлар бар, баары эле өлкөдөн кетип калышпады. Алар өз билим-тажрыйбаларынан бөлүшүүгө даяр.
— Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков ата мекендик тасма жүрүп жаткан кинотеатрга барды. Бул маданиятка болгон көңүл буруу, жакшы жышаан. Айталы, эртең ал "Айчүрөк" операсын тыңдоого же балет көрүүгө барат чыгар. Бул туурасында кандай ойдосуз?
— Ар айда бир маданий иш-чараларга барып турууга тийиш. Бир барып коюш аздык кылат. Руханий жактан жогору адам гана бизди алдыга жетелей, биздикиндей татаал коомду башкарып кете алат. Скрипкада ойной билген, музыка жараткан жана башка өнөрү бар жетекчилер дүйнөдө аз эмес.
— Кыргызстандагы 2030-жылдагы энени кандай элестетесиз? Өлкөбүздөгү апанын ролу тууралуу кандай пикирдесиз?
Эненин тартиби бекем болушу шарт. Баланы өнүктүрүүдө кандай туура багыт берүү керектигин кыздар аңдай билиши зарыл. Кыргызстанда өзү бешик ырын ырдап, балдар менен баарлашуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн апаларды көргүм келет. Балага кайсы тилди өздөштүрүп, университетти кантип тандоо керектиги боюнча кеңеш бере билүүлөрү абзел.