БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылынын Мырза-Арык айылында 17 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя бүгүн болгон.
"17 жаштагы улан Төрт-Гүл көлүнө чөгүп кетип, куткаруучулар бир жарым сааттан кийин суудан анын сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Сууга түшүүдө этият болбосо кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. ӨКМдин куткаруу кызматы сууга түшүү учурунда болбой турган нерселерди айтып берди.