Кырсыктан кийинки видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө жиберген. Анын айтымында, окуя 6-июнь күнү эртең менен катталган.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.
"Honda Fit унаасын айдап келе жаткан 24 жаштагы айдоочу 7-Апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан. Рулга ээ боло албай калып, айлампа жолдон өткөндөн кийин орнотулган тосмону сүзүп, оодарылып калган", — дешти милициядан.
Кырсыктын натыйжасында ичиндеги 26 жаштагы аял башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Айдоочу жабыркаган эмес. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.