Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча саясий билдирүү жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛетняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате
Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев өз билдирүүсүндө учурда өч алуу болуп жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр, КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаковду жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим — бул коррупция менен күрөшүү эмес. Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Мурунку өлкө башчысы өз кайрылуусунда коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы акыл–эске сыйбаган көрүнүш экенин баса белгилеген.

"Исаковдун өкмөтү ушул жылдын 4 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнөн 5 миллиард сомго жогорулашын (профицит) камсыз кылды. Мындай көрсөткүч эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу болду. Бул жерде Исаков менен Кулматов коррупционерлерден тазалай баштаган бажы органдарынан түшкөн төлөмдөр негизги ролду ойноду. Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим — иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскө кардиналы, аты белгилүү "Раим-миллиондун" бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Ошондой эле президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Исаковдун да, Бишкектин мэри болуп турган Кулматовдун да тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем", — деди Атамбаев.

Экс-президент укук коргоо органдарына иштин маңызын өз алдынча териштирип алууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн ушул убакка чейин ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманып келгенин кошумчалады. Бирок бүгүн аларга Исаковду жана Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп жатканын айтты. 

БИШКЕК ТЭЦи тууралуу

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ чуусу боюнча камакка алынган аткаминерлердин саны онго жетти. Тизме
Бишкек ТЭЦин Кытайдан алган насыянын эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде подрядчыны кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү, ошондой эле гранттык каражаттарды “Калыс-Ордо” конушундагы мектептин курулушуна багыттоо жөнүндөгү чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет башчысы Атамбаев жана өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Мындай чечимдерди кабыл алууда өлкө президентинин негизги ролу, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин таңкыстыгы, мамлекет башчысынын тышкы саясаттагы милдеттери, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу менен шартталган.

Өлкөдө ишке ашкан ири долбоорлор тууралуу

Максаты Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн чыңдоо болуп эсептелген башка улуттук долбоорлор жөнүндө да ушуну айтса болот.

Анын арасында “Датка-Кемин” ЭЛЧ, “Датка” жана “Кемин” көмөкчү чордондорунун курулушу, “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолунун курулушу, “Кыргызгаздын” инфраструктурасын “Газпром” компаниясына өткөрүп берүү, ГЭСтердин Жогорку Нарын каскадынын курулушу, Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реконструкциялоо, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата объектилердин курулушу, 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгына карата масштабдуу иш-чараларды өткөрүү, Тарых музейин реконструкциялоо жана башка көптөгөн стратегиялык объектилер жана иш-чаралар бар.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДП партиясы Сапар Исаковдун камалышы боюнча үн катты
КСДПнын активдүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Салайдин Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбьек Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. 

Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктын астында иш жүзүндө өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды. Буга далил болуп, мисалы, өткөн 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында эч кандай куру кыйкырыгы жок эле бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган болсо, ал эми бул жылдын көрсөткүчтөрү азырынча алда канча төмөн. 

Бишкек ТЭЦинин чыныгы күнөөкөрлөрүн аныктоо тууралуу

Жоопко Сапар Исаковду эмес, эгерде тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү фактылар аныкталса, ТЭЦтин эски бөлүгүндөгү аварияга жол берип, Бишкектин тургундарын тоңдурган күнөөкөрлөрдү, материалдарды, жабдууларды жогорулатылган баа менен сатып алгандарды тартыш керек.  

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти Сооронбай Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн маалымат жыйынымда айтканга аргасыз болдум.  

Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы өлкөдө стабилдүүлүктү орнотууга жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсүнө ири салымын кошту. Биз тынччылыкты жана элибиздин биримдигин ар тараптуу коргоого милдеттүүбүз. Мунун кепилдиги — адилет бийлик. Бул дайыма эсибизде болууга тийиш. 

Посадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Куру убара! Куурап калган 9000 сомдук көчөттөр алмаштырыла баштады
КСДП иш-аракеттерин мыйзам жана КРдин Конституциясынын алкагында гана жүргүзөт, мыйзамдуулукту талап кылат, жарандардын, партия мүчөлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Ошол эле маалда урматтуу мекендештер, чагымчылыкка жол бербөө үчүн мен сиздерди мыйзамсыз ыкмаларга барбоого чакырам. 

Кыргыз эли жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин козголушунун чын себептерин эртедир-кечтир билет жана өз калыс баасын берет.

Белгилей кетсек, 5-июнда кечинде Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сапар Исаков ТЭЦтин айланасындагы ызы-чуунун эпкини менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынса, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытайдын ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып, 28-июнга чейин камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0