Тажик чек арачылары менен кармаша кеткен айыл башчы окуянын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
Тажикстандын куралданган 20га чукул жоокери Кыргызстандын аймагына кирип келип жай тургундундарга күч колдонгон. Мындай окуялардын улам-улам кайталанышы айылдыктардын тынчын алууда.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 4-июнда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында "Футбол аянтчасы" деген жерге тажик жоокерлери мыйзамсыз кирип келген. Кыргызстандын чек арачылары алардан чыгып кетүүнү талап кылганда, каршылык көрсөтүп асманга ок аткан. Мындан улам тажик жоокерлери кармалган.

Кулундинский айыл окмоту Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чегиндеги абал боюнча үн катты
Жаңжалдын видеосу интернет булактарына жүктөлүп, анда жай тургундардын бири тажик чек арачылары менен катуу тирешип жатканын көрүүгө болот. Ошол киши Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев экени белгилүү болду.

Ал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына чек арадагы жаңжалдын чоо-жайын айтып берди.

Айыл башчынын билдиришинче, түштөн кийин саат 17.00дөр чамасында 20га чукул тажик жоокерлери жаңы ачылган базарды жабуу талабын койгон.

"Буга чейин мөмө-жемиштерибизди Тажикстандын базарына алып барып сатчубуз. Бирок чек арадан кирип чыкканда тынбай акча сурап жана башка кыйынчылыктар боло бергендиктен жергиликтүү депутаттардын чечими менен өзүбүздүн жерге базар ачканбыз. Муну тажик тараптагы эл да колдогон. Иштегенибизге эки күн болгондо Тажикстандын 6 чек арачысы келип "бул жерге базар ачпагыла" деди. Базар өзүбүздүн аймакта экенин айтып каршы болсок, ары жактан дагы 20га чукул жоокер кирип келди. Анан мөмө-жемиштерди чачып, тепкилеп, аялдарды, балдарды ур-токмокко алышты", — деди Адинаев.

Айылдыктар малина, кулпунай, алча жана алма өстүрөт. Алар Тажикстанга алып барып дүңүнөн сатса, кайра эле ал жактан Исфана, Сүлүктүгө алып кетишчү экен. Эл Максат айылына базар ачылса машакаттуу жумуш жеңилдемек дейт.

"Мурда "Футбол аянтчасы" деген жерге тажикстандыктар келип футбол ойношчу. Эки жылдан бери аларды киргизбей коюп, бош турган. Ошол жерге базар ачканбыз. Көрө албастык кылып жатышат. Тажик жоокерлери жай тургундарга күч колдонуп, үч жолу ок чыгарышты. Анан биздин чек арачылар эки унаа менен келгенде артка кача башташты. Алардын үчөөнү кармап калдык", — деди айыл башчы.

Адинаевдин башына, далысы менен жамбашына беш-алты жолу автоматтын кундагы тийип, медициналык жардам алууга аргасыз болгон. Ал кырдаал турукташкандан кийин ооруканага жата турганын билдирди.

"Аялдарды, жаш балдарды токмоктоп жатканда чыдап тура албадым. Анан да мени автоматтын кундагы менен башка урганда өзүмдү кармай албай, эмоцияга берилип кеттим. Ызы-чуу эки саттай болду. Чек арачы, милиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү түнү менен карап отурдук. Мындай окуялар тез-тез катталып, тынч отура албай калдык. Дайым кооптонуу бар. Баары эле чек аранын такталбаганына келип такалууда. Мамлекет буга тез арада көңүл бурбаса болбой калды", — деди ал.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасында ок чыгарылбай турган болду
Мамлекеттик чек ара кызматы учурда абал тынч экенин билдирди. Кармалган тажик жоокерлери кечээ эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өткөрүп берилген. Аталган аймакты коргоо жана мындай аракеттерди болтурбоо маселеси боюнча эртең Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын башчыларынын жолугушуусу пландалууда.

Максат айылында 265 үй бар, бирок калкынын саны 765ти түзөт. Тажикстандын Согди облусунун Очкала айылы менен чектешет. Чек ара такталбагандыктан жайыт, жер, суу, таштанды маселеси боюнча чыр-чатак тынбай болуп келгени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0