00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кубанычбек Кулматовдун кандай мүлкү бар? Декларациядагы маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү
Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси боюнча айып тагылган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун кирешеси тууралуу декларациядагы маалыматына караганда, ал бир батирге ээлик кылат.

Эске салсак, бүгүн анын мүлкү камакка алынганы тууралуу маалымат тараган.

КСДП фракциясынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
КСДП Исаков менен Кулматовдун сурагы боюнча расмий билдирүү таратты
Декларацияда 2015 жана 2016-жылдардагы маалымат көрсөтүлгөн. Ага ылайык, мурдагы жетекчинин унаасы жана кайсы бир компанияларда үлүшү жок. Анын атына болгону аянты 64 чарчы метрлик батир катталган.

2015-жылы Кулматов 813 миң сом киреше көргөн. Бирок ал кайдан келгени көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми 2016-жылы негизги кызмат ордунан 829 миң сом айлык алганы айтылган.

Ал эми анын тууганы аянты 100,7 чарчы метрге жеткен батир жана бир гаражга ээлик кылат. Ал адам 2015-жылы 2 миллион сомдон ашыгыраак киреше тапканы айтылса, 2016-жылы эч кандай сумма көрсөтүлгөн эмес.

Ошол эле тууганынын үч жыл мурда эки унаасы болсо, эки жыл мурда үчөө болуп калган. Анын мүлкү камакка алынган жок.

Эске салсак, Кулматовго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча айып талынган. Аны коррупцияга күнөөлөп жатышат.

Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
"Майлуу-сүттүү" кызматта жүргөн Кубанычбек Кулматов тууралуу 7 факты
УКМКнын маалыматына караганда, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына өткөртүп, "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен бөлдүртүп алганы айтылган.

Кулматов өзү ал каражаттын бир тыйынын да албаганын, эмне себептен аны күнөөлөп жатканына түшүнбөгөнүн айткан.

Буга чейин Кулматов УКМКга эки ирет суракка чакырылып, өлкө аймагынан сыртка чыгуусуна тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0