Эл кайсы жылдары бардар жашоодон кабар берген буюм-тайымдарга умтула баштаганы тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Билдирмеге караганда, көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында эл акчасын зер буюмдарга көп сапртаган учурлар 1991 жана 2006-жылдарга туура келген.
Шуба жана дубленкалар тууралуу сөз кылсак, 2000-жылы алардын сатылышы үч эсеге өссө, 2006 жана 2009-жылдары эки эсеге жеткен.
Кыз-келиндер шубага колу жетпей калган учур 1990-жылы башталып, төрт жылга уланган. Анда кымбат баалуу сырт кийимдердин сатылышы 96 пайызга түшкөн.
Ошол эле 90-жылдардын башында эл шуба гана эмес, килемдерди дагы ала албай калган. Жарандардын бул буюмга болгон "сүйүүсү" 2006-жылы гана туу чокусуна жетип, сатуунун көлөмү эки эсеге өскөн.
Алтын, күмүш, шуба… Албетте, мунун баары жакшы, бирок айрым учурда кымбат буюм түгүл, эртең кайсы акчага жашайм деген учурлар болуп калышы мүмкүн. Улуттук статистика комитети жакында эле ачка калбай жан сактоо үчүн Кыргызстанда канча каражат табуу керектигин иликтеп чыкты.