Жаңы технологиялар жашоого аралашкандан бери китеп ордун телефон же компьютер сыяктуу гаджеттер ээлеп алганы чындык. Sputnik Кыргызстан агенттиги жазуучу Алтын Капалова менен балдарды китепке көндүрүү, жомок жазуунун оордугу жана Кыргызстанда балдар китептерин чыгаруунун көйгөйү тууралуу маектешти.
— Азыркы учурда жаш балдардын көбү технологияга көнүп калышты. Балдарына кечинде китеп окуган ата-энелер да азайса керек. Жаш балдарды кантип китепке көндүрүү керек?
— Жазуучулук өнөр кантип пайда болду?
— Бала чагым Ысык-Кѳлдүн айыл жана шаарларында өттү. Атам милиция кызматкери болгондуктан ар дайым эки жакка кѳчүп-конуп жүрчүбүз. Улам жаӊы жерге кѳнүшүү бала үчүн аябай кыйын экен. Бирок жаӊы жерди ѳздѳштүрүү жаӊы сезимдерге, жаӊы билимдерге алып келди.
Өзүм бала кезимен эле жазуучу болсом деп кыялданчумун. Китеп жазып баштаганга чейин эмнелерди гана жазган жокмун. Анан тажрыйба топтоп, кѳз карашым кеӊейип, ойлорум кѳбѳйүп, билимим тереӊдеп калганда чыгарма жаза баштадым.
— Эмне үчүн балдарга арналган чыгармаларды жазууну чечтиңиз?
— Негизи балдар жазуучусу болом деген ой деле жок болчу. Бирок мурдатан эле, алгач кичинекей туугандарыма, кийинчерээк уулума жомок айтып берчүмүн. Экинчи уулум төрөлгөндөн кийин жомокторду кагазга түшүрө баштадым. Ал эми кыздуу болгондон кийин алардын бир канчасын китеп кылып чыгарууну чечтим. Ошентип балдар жазуучусу болуп калдым.
— Китептериңизди балдарыңызга окуп бересизби?
— Балдарым менин жомокторумду жакшы көрөт. "Апа, дагы жомок китептериӊ качан чыгат деп?" деп абдан күтүшөт. Кээ бир учурда чыгарма жазып жатып аларга айтып берип, пикирин сурайм. Алар өз оюн айтып салымын кошкон күндѳр дагы болгон. Сүрѳтчүлѳр менен иштегенде дагы балдарыма сүрѳттѳрдү алып келип кѳрсѳтѳм. Китептин кандай өңүттө болорун талкуулайм. Балдардын кабыл алуусу чоӊдордукунан башкача болот. Мен жактырган нерселер балдарыма жакпай калган учурлар бар.
— Балдар үчүн жазуу оңойбу же кыйынбы?
— Менимче балдар үчүн жазуу оӊой эмес. Анткени сен жалпак, жѳнѳкѳй тил менен абдан олуттуу нерселерди жеткиришиӊ керек. Анан дагы балдарга айтам деген нерсеӊ чынында эле баалуу нерселерди козгошу зарыл. Себеби балдар китепке ишенет. Акыл үйрөтүүчүлүктөн качууга аракет кылуу зарыл. Ошондуктан айтып берген жомогуӊ дүйнѳнүн кѳп түрдүүлүгү, ар кайсыл маданияттардын кооздуугу жѳнүндѳ баяндап турса дейм.
— Чыгармаларыңызды кайсы тилде жазасыз?
— Кѳбүнчѳ кыргызча жазып, кийин орус тилине котором. Бирок алгач орусча жазган учурлар да болот. Албетте, мен үчүн эӊ ыӊгайлуусу кыргыз тили. Социалдык тармактарга орус тилинде жазып, чачым жок сүрѳттѳрүмдү жүктөгөнүм үчүнбү, айтор, кѳп адамдар мени кыргызчаны, кыргыз маданиятын билбейт деп ойлошот. Мен айылда эле чоӊойгом. Жазуучулук өнөрүмө айылдын да таасири чоң. Себеби, апам сѳзгѳ чечен, калеми дагы курч аял.
— Ушул убакка чейин канча китеп жаздыңыз? Алардын арасынан ийгиликке жеткендери болдубу?
— Балдарга арналган китептердин өлкөбүздөгү абалы кандай?
— Басманын сапаты жагынан чет элдик жазуучуларга атаандаш болуу кыйын. Бизде ар бир типография өзүн басма үйү катары көрөт. Дүйнө аябай бат өзгөрүп жатат. Биз да эски көз караштарды артка калтырып, жаңылануубуз жана өзгөрүүбүз керек. Заманбап балдарды китепке кызыктыруунун жаңы жолдорун табуунун үстүндө иштешибиз кажет.