Ырчы Алмаз Шаадаев: Чубак ажы үчүн өлтүрүп кетем деп коркуткандар болду

© Sputnik / Табылды КадырбековОтечественный исполнитель Алмаз Шаадаев
Отечественный исполнитель Алмаз Шаадаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жолу YouTube каналынан "Эми мага баары бир" аттуу ырды угуп калдым да, ал менин жүрөк оорума айланды. Көрсө, мендейлер арбын экен. Алмаз Шаадаевдин сүйүү ыры эки айда 3,5 миллион көрүүчү топтоду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова шоу-бизнестин жаш өкүлү Алмаз Шаадаев менен маек куруп, белгилүүлүк алып келген ыры, чыгармачылык жолу жана Чубак ажыга байланыштуу окуя тууралуу сурады.

— Жыл башынан бери аймактарды кыдырып гастролдоп жүрөсүз. Ырчыларды жети дубан кандай кабыл аларын жакшы билсеңиз керек?

— Быйыл аймактарды түрө кыдырып концерт берүү — башкы планым. Азыр ырчылар жолдун узактыгына, клубдардын начардыгына карап концерт бергиси келбейт. Элдин адамы болгондон кийин жер тандабаш керек деп ойлойм. Элдин кабыл алуусу боюнча айтсам, түштүктүн эли кечени ыр, шаң менен өткөрөт. Өзүм нарындыкмын, ал жак шаан-шөкөттү көп жактыра бербейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмаз Шаадаев: башкы максатым — акча табуу эмес, чыгармачылык эргүү алып, көкүрөктөгү букту чыгаруу
Отечественный исполнитель Алмаз Шаадаев - Sputnik Кыргызстан
Алмаз Шаадаев: башкы максатым — акча табуу эмес, чыгармачылык эргүү алып, көкүрөктөгү букту чыгаруу

— Күйөрмандарыңыз кимдер?

— 70 пайызы жаштар. "Жаркырасын Кыргызстан" аттуу ыр-дастан жаздырдым эле. Ошондон бери концертимен улуу муундун өкүлдөрүн да көрүп калам.

— Сыр болбосо гастролдордон канча каражат табасыз?

Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бүтүндөй командам сызга отургузуп кеткен. Дизайнер Замира Молдошева менен маек
— Билет баасы 100 сомдон айланат. 300 киши келип берсе 10 миң сому чыгымга жумшалып, калганы чөнтөктө калат. Башкы максатым — акча табуу эмес, чыгармачылык эргүү алып, көкүрөктөгү букту чыгаруу.

Сегиз жылдан бери чыгармачылыкта жүрөм. Башында ыр жаздырып, клип тарттырууга көп каражат жумшагам. Акыркы үч жылдан бери эмгегимдин акыбетин көрүп жатам. Унаа айдадым, үй сатып алдым. Эми калыңга эле акча чогултам го (күлүп).

— Калың демекчи, сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Эл ырчылар күйөрмандарын жоготуп албаш үчүн жакын адамым жок деп айтат деп ойлошу мүмкүн. Бирок меники чын эле жок.

— Жылуу сөзүн айткан күйөрман кыздарыңыз көп болсо керек. Алар менен жеке мамиле курган учур болдубу?

— Күйөрмандарым Кудайга шүгүр, көбү интернет тармактарынан кат жазып турушат. Концерттен кийин жолугуп сүрөткө түшүшөт, кээде чакан белектерин тартуулашат. Арасынан сүйүп, кыз-жигит катары мамиле куруп кеткен учур болбоду. Кыз менен сүйлөшүү дагы жоопкерчиликти жана убакытты талап кылат. Азыр чыгармачылыкты сүйүп турган кезим.

— Марттын башында "Эми мага баары бир" аттуу ырыңыздын клибин жүктөгөн экенсиз. Учурда клип 3,5 миллиондон ашык көрүүчү топтоду. Ачыгын айтсам, ырыңыз мага да жакты. Тарыхына токтолуп кетсеңиз?

— Бул ырдын сөзү, обону ырчы Гүлжигит Сатыбековго таандык. Автор буга чейин аккордеондун коштоосунда ырдап жүрчү. Мен эстрада багытында алып чыктым. Клиптин идеясы клипмейкер Эрнис Сыдыков менен продюсерим Индира Исаевнага таандык. Жакшы ыр болот деп сезгем, бирок миллиондогон көрүүчү топтойм деп ойлогон эмесмин. Калп айтпасам күнүнө жүз миң киши кирип жатты.

YouTube тармагында белгилүү бир канал менен келишим түзүп, ырды ошол жакка бергем. Шарт боюнча башка жактарга бөлүшпөйм. Алар мага жооп катары акча төлөп беришет. Эгерде миллион көрүүчү болсо миң доллар берилет экен. Клип аркылуу каражат табуу ишкерлиги чет өлкө сыяктуу Кыргызстанда да өнүгүп жатканы кубандырат.

— Интернеттеги бир видео талкууңуз тууралуу сурайын дедим эле. Анда сиз досторуңуз менен экс-муфтий Чубак Ажы Жалиловдун сүйлөгөнүн тамашалап туурагансыздар. Көп өтпөй эле видео кайрылуу аркылуу Жалиловдон жана дин адамдарынан кечирим сурадыңыз…

Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: сүлкүлдөгөн Назира, бетинен бит тайгаланган Нурмат
— Чубак ажынын сүйлөгөнүн мага чейин көбү эле туурап жүргөн. Атым чыгып калгандыктан талкууга алып жиберишти окшойт. Аймактарды кыдырып концерт берип жүргөндө пародист Самат Аманов экөөбүз жөн гана жакшы маанайда видео жаздырып койгон элек. Анан ырчылардын социалдык тармактагы группасына салып койгом. Оюндан от чыгат болду. Элдин 90 пайызы көңүлдү ооруткан сөздөрдү жазды. Коркутуп "өлтүрүп кетем" дегендер да болду. Динге берилген адамдарды сыйлайм, бирок оозубузга алыбыз жетпейт экен. Кемчилигимди түшүнүп эртеси Чубак ажыга чалсам алган жок. Видео кайрылуу аркылуу кечирим сурап койдум. 
© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Алмаз Шаадаев сегиз жылдан бери эл алдына чыгып келет
Отечественный исполнитель Алмаз Шаадаев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Алмаз Шаадаев сегиз жылдан бери эл алдына чыгып келет

— Түшүнүктүү. Эмне себептен ырчылыкты тандап алгансыз?

— Ырчы болуу бала кезден берки кыялым эле. 2011-жылы Кыргызстандагы белгилүү гезиттердин бирине форумчу болуп катталгам. Сайт уюштурган форумчулардын жолугушуусуна барып турчумун. Бир жолку кезигишүүдө ырдап койдум. Ошондо мыкты форумчу наамын алып, гезиттин концертинде "Жаным ай" аттуу ырымды аткаргам.

Ушу тапта дагы бир дастан жаздырып жатам. Алдыда гастролдор көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0