Соцтармак кызыктары: сүлкүлдөгөн Назира, бетинен бит тайгаланган Нурмат

© Sputnik / Жоомарт УраимовИнтервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Артта калган аптада Москвада иштеп жүргөн кыргыздардын үлпөт тоюндагы кортежин тик учак баштап чыкканы коомчулукту таң калтырды. Мындан сырткары, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун таенеси менен депутаттар туурасында маектешкени талкууга алынууда.

1. Тоюнда тик учакка отурган кыргызстандык түгөйлөр. Москвада иштеп жүргөн Чыңгыз деген жигит Бегимай аттуу кызга үйлөнүп, ишемби күнү үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Алардын кортежин башкалардан өзгөчөлөнүп тик учак баштак чыккан. Бактылуу болушсун!

2. Атчандардын кортежи. Ал эми Кыргызстанда үйлөнгөн жубайлар жана достору аргымак минип сейилдешти. Ооба, бактылуулуктун чеги жок, кайсы жерде, кандай учур болбосун айырмасы жок. Негизи эле Кыргызстандан өзгөчө тойлорду көп кезиктирүүгө болот.

3. Таене менен неберенин маеги. КТРКнын директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасына улгайып калган таенеси менен болгон маегин жарыялады. Экөө "депутаттардан ким кыйын?" деген темада сүйлөшкөн. Таенесинин баамында тайманбай сүйлөгөн Жанар Акаев менен Ырыскелди Момбеков экен. Ошондой эле ал чындык ачуу болорун да эскертип өткөн.

4. Чал менен кемпирдин таанышуусу. Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова менен ырчы Нурмат Садыров чал-кемпирдин ролун аткарышкан. Бири "сүлкүлдөйсүзгө" десе, ага жооп кылып "сиз деле жаш экенсиз, бетиңизден бит тайгаланат" деп кызуу баарлашкан.

5. Кемпир өлдү. Бул дагы кыргыз тойлорунда калыптанып калган жөрөлгөлөрдүн бири. Түштүк тарапта "кемпир өлдү" деген жөрөлгө бар, анда келин келе жатканда бир аял "өлүп", эшикти тосуп туруп алат. Аны үйлөнүп жаткан баланын жоро-жолдоштору жолдугун кылып, акча-тыйын ыроолоп тургузушат.

6. Бишкек мэриясы бир көчөттү тогуз миң сомго сатып алганын уккандар талаадагы көчөттөрдү уурдай баштаптыр. Сак болуңуздар!

7. Көөгө жуунган балдар. Эгер шок балдарыңыз бир саамга тынчый түшкөн болсо, сүйүнбөй туруңуз. Алар бир нерсенин үстүнөн чыгышы мүмкүн. Мисалы, ушуларга окшоп бири-бирине көө шыбап салат.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0