БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Улуу Ата мекендик согуш учурундагы баалуу документтердин электрондук архиви ишке киргенин эскертти.
pobeda.srs.kg интернет порталы Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата 2015-жылы жасалган. Анда ардагерлер тууралуу архивдик маалыматтар, аскерий аракеттер, ардагерлердин маектери, фотоальбом сыяктуу кызыктуу материалдар камтылган.
"Порталдан архивдик фондунун санарипке өткөн уникалдуу документтерин көрө аласыздар", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жарандар өз туугандары тууралуу да маалыматтарды таба алышат.
Бишкекте 9-майды белгилөө учурунда бир катар көчөлөр жабылат.