БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Баткендеги Кадамжай районунун сот аткаруучулары Кадамжай сурма комбинатына таандык Жийделик чакан ГЭСин базар баасынын 7,3 эсе арзан сатууга аракеттенип жатканын Тоо-кен металургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, объект 2018-жылы 25-майда аукционго коюлат.
"ГЭС болгону 15,7 миллион сом деп бааланды, бирок "Славянский восток" көз карандысыз эксперттик компаниясы чакан ГЭСтин наркы 114 миллион сом экенин аныктады. Сот аткаруучулар ошондой эле 14-майда Кадамжай сурма комбинатынын башкаруучулук имаратын арзан 14 миллион сомго сатууга аракет кылып жатат. Имараттын рыноктогу баасы 28 миллион сомду түзөт", — деди Тажибаев.
Бул аукцион "Ошэлектр" ААКтын доосу менен аукционго коюлууда. Себеби комбинаттын карызы инвесторлор келгенге чейин өсүп кеткен. Тажибаевдин айтымында, комбинат айрым жабдууларды жана жогорку чыңалуудагы электр линияларын берип, карызын төлөөгө даяр.
Кыргызстандын тоо-кен металургиялык профсоюзу комбинаттын туруктуу иштөөсүн жана аукционду жокко чыгаруу үчүн мамлекеттик жогорку органдарга кайрылуу жолдоду.
Сот департаменти бул окуя боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берерин айтып ишендирди.