Жээнбеков президент болгондон бери Ысык-Көлгө биринчи жолу барды

Жазылуу
Өлкө башчы жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрөт.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бүгүн, 3-майда, президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көлгө баргандыгын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эмгекти кадырлоо — элдин негизги дөөлөтү. Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу
Билдирүүгө караганда, Жээнбеков жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрөт.

Бул учурдагы президенттин Көлгө болгон алгачкы иш сапары.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков буга чейин жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0