Кыргызстандык хирург башты ачпай мээге жасалган 10 уникалдуу операцияга катышты

© Фото / Огузхан МутлуРентгенолог Руслан Шаршенбай
Рентгенолог Руслан Шаршенбай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рентгенохирург Руслан Шаршебаев Кыргызстанда инсультту тамыр аркылуу дарылаган борборлордун жоктугу чоң кемчилик экенин белгиледи.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Апрель айынын аягында Японияда өткөн World Live Neurovascular Conference 2018 аталышындагы нейроваскулярдык конференцияга Түркияда эмгектенген кыргызстандык интервенциялык нейрорадиолог жана рентгенохирург Руслан Шаршебаев катышты. Бул маалыматты дарыгер Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тастыктап берди.

© Фото / предоставлено Русланом ШаршебаевымАпрель айынын аягында Японияда өткөн World Live Neurovascular Conference 2018 аталышындагы нейроваскулярдык конференцияга Түркияда эмгектенген кыргызстандык интервенциялык нейрорадиолог жана рентгенохирург Руслан Шаршебаев катышты.
Апрель айынын аягында Японияда өткөн World Live Neurovascular Conference 2018 аталышындагы нейроваскулярдык конференцияга Түркияда эмгектенген кыргызстандык интервенциялык нейрорадиолог жана рентгенохирург Руслан Шаршебаев катышты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Апрель айынын аягында Японияда өткөн World Live Neurovascular Conference 2018 аталышындагы нейроваскулярдык конференцияга Түркияда эмгектенген кыргызстандык интервенциялык нейрорадиолог жана рентгенохирург Руслан Шаршебаев катышты.
© Фото / предоставлено Русланом ШаршебаевымАталган конференция жыл сайын өтүп, анда Түркия, Америка, Кытай, Аргентина, Япониянын дарыгерлери мээ жана кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн тамырлар аркылуу уникалдуу операцияларды жасашат.
Аталган конференция жыл сайын өтүп, анда Түркия, Америка, Кытай, Аргентина, Япониянын дарыгерлери мээ жана кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн тамырлар аркылуу уникалдуу операцияларды жасашат. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аталган конференция жыл сайын өтүп, анда Түркия, Америка, Кытай, Аргентина, Япониянын дарыгерлери мээ жана кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн тамырлар аркылуу уникалдуу операцияларды жасашат.
© Фото / предоставлено Русланом ШаршебаевымҮйрөтүүчү операцияларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адистер онлайн режимде көрүп, суроо берип, талкууга катыша алат.
Үйрөтүүчү операцияларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адистер онлайн режимде көрүп, суроо берип, талкууга катыша алат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Үйрөтүүчү операцияларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адистер онлайн режимде көрүп, суроо берип, талкууга катыша алат.
1/3
Апрель айынын аягында Японияда өткөн World Live Neurovascular Conference 2018 аталышындагы нейроваскулярдык конференцияга Түркияда эмгектенген кыргызстандык интервенциялык нейрорадиолог жана рентгенохирург Руслан Шаршебаев катышты.
2/3
Аталган конференция жыл сайын өтүп, анда Түркия, Америка, Кытай, Аргентина, Япониянын дарыгерлери мээ жана кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн тамырлар аркылуу уникалдуу операцияларды жасашат.
3/3
Үйрөтүүчү операцияларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адистер онлайн режимде көрүп, суроо берип, талкууга катыша алат.

Анын айтымында, аталган конференция жыл сайын өтүп, анда Түркия, Америка, Кытай, Аргентина, Япониянын дарыгерлери мээ жана кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн тамырлар аркылуу уникалдуу операцияларды жасашат. Үйрөтүүчү операцияларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адистер онлайн режимде көрүп, суроо берип, талкууга катыша алат.

"Ар кайсы өлкөлөрдөн 900 интервенциялык радиолог жана нейрохирург катышкан иш-чарада түз эфирде инсульт, кан тамырларга байланыштуу ооруларга өтө татаал 30 операция жасалды. Мен алардын 10уна катыштым. Бул операциялардын уникалдуулугу — башты ачып, денеге бычак тийгизбестен, адамдын санындагы артерия аркылуу атайын түтүк менен ооруган жерге жетип, аны дарылоо", — деди Шаршебаев.

Дарыгердин айтымында, Кыргызстан дагы инсульт жана кан тамыр ооруларын жогорудагыдай жол менен дарылоочу ооруканаларга муктаж болуп турган кез.

Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
"Инсульт Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн алган оорулардын тизмесинде экинчи сапта турат. Андыктан аны дарылоонун улам жаңы жолдорун издеп, азыр көпчүлүк учурда баш сөөктүн капкагын ачпай эле, тамыр аркылуу стенд коюу, дары коюу жолу менен дарылап калышкан. Кыргызстанда инсультту тамыр аркылуу дарылаган борборлордун жоктугу чоң кемчилик. Бул илдетке кабылган адамга өзүн жоготуп жыгылгандан кийин тез аранын ичинде, тагыраагы, 4 сааттын аралыгында тромбоэкстракциялык операция жасалышы керек. Бул аралыкта, албетте, оорулууну чет өлкөгө алып баруу мүмкүн эмес", — деп түшүндүрдү дарыгер.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда рентгенохирургия жолу менен сакайтуу ыкмалары колдонула баштаса, дарылануунун баасы азрандап, бир топ өмүрлөрдү сактап калууга шарт түзүлмөк.

Руслан Шаршебаев менен Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин да маектешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0