БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полку жай жарандарды кызматка кабыл алат. Бул тууралуу аталган ведомтсво билдирди.
Шартка-талапка ылайык, иштейм деген киши Кыргызстандын жараны, соттолбогон, жашы 19дан 30га чейин, аскердик кызмат өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес, орто же жогорку билимдүү болушу керек. Спорттун ар кандай түрү боюнча чебер же ага талапкерлерге артыкчылык берилет.
Атайын полкто иштөөнү каалагандар Бишкек шаарындагы Кронштад көчөсү, 17 дарегине кайрылып же 0312-46-08-85 телефону аркылуу байланышса болот.