БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде мушташ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
![Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде мушташ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде мушташ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103888/02/1038880271_0:155:1279:960_600x0_80_0_0_ea36e21225db3f6712275f38bfc774fb.jpg)
![Окуя 27-апрелге караган түнү болгон Окуя 27-апрелге караган түнү болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103888/02/1038880265_0:0:1279:804_600x0_80_0_0_6d2e7f87401b620328a65c0ec3a30f18.jpg)
![Милициянын билдиришинче 1986 жана 1990-жылы туулган бир туугандар мушташкан. Милициянын билдиришинче 1986 жана 1990-жылы туулган бир туугандар мушташкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103888/02/1038880260_0:91:1280:896_600x0_80_0_0_07b83056da599297dac7ba51001de6a0.jpg)
Окуя 27-апрелге караган түнү болгон. Милициянын билдиришинче 1986 жана 1990-жылы туулган бир туугандар мушташкан. Улуусу Россияда иштеп жүрүп жаңы эле келген. Бир туугандар Чуйков көчөсүндөгү № 134 үйдөн батирди ижарага алып, ал жактан арак ичишкен.
"Кичүүсү көп ичип алып, жаңжал чыгарып, ага-ини батирден подъездге чыгып мушташкан. Улуусу кичүүсүн сабап, мурдун сындыра чапкан. Кичүүсү тынчтанып калбай подъезддин терезесин сындырып, 2-кабаттан жерге кулап кеткен. Айнек бетине тийип, тилип кетиптир", — деди кабарчы.
Окуя болгон жерде милиция иштеп жатат. Үй башчысынын айтымында, аталган батирде ушуну менен бир айда үчүнчү ирет кайталанууда.