00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте Баткендин символу — айгүлдөн кем калбаган гүлдөр пайда болду

Жазылуу
Бишкектеги ресторандардын короосунан айгүл гүлгө абдан окшош гүлдөрдү кезиктирүүгө болот. Алардын Баткендин символдорунун бири болгон кадимки айгүлдүкүндөй кызгылт сары түстөн башка, сапсары болуп гүл ачарына күбө болдук.

Биз барганда өсүмдүктөрдүн гүлдөгөнүнө бешинчи күн болуптур.

"Ала-Тоо" эс алуу борборунун өкүлү көз жоосун алган бул гүлдөрдүн кантип Бишкек шаарына келип калгандыгын жана кантип өстүрүшкөнүн айтып берди. Анын айтымында, бул кооздукту жаратууга жарым жылдай убакыт жумшалыптыр.

"Гүлдү өстүрүш абдан кыйын экен. Туура эмес — терең же тайыз жерге отургузуп алсаң да өспөй калат. Бизде гүлдү караган атайын адисибиз бар. Алып келгенден кийин атайын эреже боюнча муздаткычта кармадык. Андан соң челекке отургузуп, кыш бою өстүрдүк. Анан жаз менен кошо эшикке алып чыктык", — деди ал.

Баткендеги айгүлгө окшош, көз жоосун алган бул гүлдөрү кайдан алып келгенин сураганыбызда, мекени чет өлкө болуп чыкты.

Айгүл гүлү “Эдуарддын чаар гүлү” деген илимий аталышка ээ - Sputnik Кыргызстан
Айгүл-Тоого болгон зыярат
"Агросервис" деп аталган компания аркылуу алганбыз. Орусчасы рябчик, ал эми эл аралык рынокто фриталлария деп аталат экен. 3 түрүн тандадык. Алар түстөрү жана бийиктиги менен айырмаланат. Бул өсүмдүк гүл жана жашылдандыруу менен иш алып барган бардык компанияларда сатылат экен. Буларды Баткенден казып алып келген жокпуз. Москвадан сатып алып келгенибиз боюнча тиешелүү кагаздарыбыз да бар", — деп айтып берди аталган эс алуу борборунун өкүлү.

Кооздук болгону эки жумага созулуп, андан кийин гүлү күбүлүп каларын билдик.

Бул гүл бул айгүл гүлбү же башка түрүбү деген сурообузга "силер көрүп турган башка түрү. Булар селекционерлер тарабынан айлананы кооздоо, жашылдандыруу үчүн иштелип чыккан экен. Маселен, Сочиде да талааны ээлеп, көп жерге отургузулуптур" деп жооп берди өкүл.

Бишкекте гүлдөп жаткан бул өсүмдүк тууралуу атайын адистен да тактап көрдүк.

Эколог, "Арча" экологиялык фондусунун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкинге суроо салдык.

"Сүрөттөгү рябчиктер ар кыл түстө экен, демек селекциялык максаттагы гүлдөр, бакча өсүмдүгү деп айтсак болот. Бул кыязы, Императордук деп аталган түрү окшойт. Акыркы учурда Кыргызстандын рыногуна да алып келине баштап, кеңири тарап жатат. Бул Баткенде өскөн айгүл эмес. Аны өстүрүү абдан татаал. Андыктан, менмендеген кыйын адистер деле айгүлдү каалаган жерине тиге албайт", — деди Ветошкин.

Кошумчалай кетсек, сейрек кездешкен гүл Кызыл китепке киргизилген. Баткен облусунун жүзү болгон гүл Кыргызстанда Түркстан кырка тоолорунда гана өсөт. Айгүл апрель айында гүлдөп баштайт. 25-апрелде Айгүл гүлү майрамдалып, жыл сайын бул маалда туристтердин агымы көп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0