БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-11-апрель күндөрү Бишкек менен Ош шаарларынын айрым бөлүгүндө газ болбой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от берүү борбор калаанын "Жал-23" кичирайонунда, Ош шаарында Масалиев менен Монуев көчөлөрүндө үзгүлтүккө учурайт.
Ишкана мындай кадамдар оңдоо иштерине байланыштуу экенин кабарлады.