УКМК жетекчисинин орун басарлыгына Идрис Кадыркулов келди

Жазылуу
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Идрис Кадыркулов УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти кимди ишке дайындап, кимди иштен ала алат
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин аталган кызматты Болот Сүйүмбаев жетектеп келген болчу. Ал бүгүн, 7-апрелде, өз ыктыяры менен арыз жазып жумуштан кеткен.

Кадыркулов УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келгени белгилүү. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кашка-Суу айылында 1971-жылы туулган.

Эскерте кетсек, буга чейин президент өз Жарлыгы менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди, 4-апрелде төраганын орун басары рангындагы 9-бөлүмдүн жетекчиси Дамир Мусакеевди кызматынан бошоткон

Жаңылыктар түрмөгү
0