Руслан Казакбаев фракция лидерлигинен эмнеге алынганы белгилүү болду

Жазылуу
Буга чейин фракциядагы депутаттар Жыргалбек Турускуловду лидерликке шайлашкан болчу

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясына жаңы лидер болуп шайланган Жыргалбек Турускулов мурдагы жетекчи Руслан Казакбаев эмнеге ордунан алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, депутаттар ага ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

"3-апрелде фракциянын кезексиз жыйыны болуп, лидерликке жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдүм. Депутаттар бир добуштан колдоп беришти, фракция коллегиялдуу орган", — деди эл өкүлү.

Ал эми "Руслан Казакбаев лидерликтен эмнеге алынды?" деген суроого "депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөттү" деп жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0