БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Москванын чыгышында орун алган "Персей для детей" соода-борборунда чыккан өрттөн бир киши каза болгонун РИА Новости агенттиги билдирди.
Ага ылайык, ушу тапта өрт толугу менен өчүрүлдү.
"Соода борборунун кызматкери каза болду. Ошондой эле өрт алты өчүрүүчү да жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.
Алардын бирөөнүн абалы оор болсо, калгандары жеңил жаракат алышкан.
ӨКМдин берген маалыматына ылайык, өрт 80 чарчы метр жерге жайылган.