Москвадагы "Персей для детей" ири соода борбору күйүп жатат. Видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүУчения МЧС в здании миграционного центра
Учения МЧС в здании миграционного центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар бар

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Москванын чыгышында орун алган "Персей для детей" ири соода борбору өрттөнүп жатканын РИА Новости агенттиги билдирди.

Куткаруучулар кишилерди сыртка чыгарууда. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар бар. Имарат төрт кабаттуу экени айтылууда.

Чыккан өрткө 2-категориядагы кооптуулук белгиси берилди.

​Белгилей кетсек, буга чейин Кемерово шаарындагы соода борбордо өрт чыгып, 64 киши каза болгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0